Алматыда Борбор Азиялык Innovation Camp башталды
Марат Садыков, модератор. Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыз журналисттери, блоггерлери жана контент жаратуучулары шаршемби күнү Алматыда үч күндүк кэмпке чогулушту. Ал кызматташуу, эксперимент жүргүзүү жана өнүктүрүү үчүн аянтча болмокчу. Үч күндүн ичинде катышуучулар жасалма интеллектти кантип натыйжалуу колдонсо болорун, окуяны баяндоону жакшыртуу үчүн кайсы жаңы технологиялар менен алгоритмдер эң актуалдуу экенин үйрөнүшөт. Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген кэмптин катышуучулары. Журналисттер жана редакторлор практикалык мисалдардын негизинде өздөрүнүн редакцияларында туруктуу, натыйжалуу жана чыгармачыл иш жүргүзүү үчүн эң мыкты куралдарды өздөштүрүшөт. CARAVAN долбоорунун директору Вадим Садоншоев иш-чараны ачып жатып, бул бүткүл Борбор Азия үчүн абдан маанилүү долбоор экенин, ал ишенимдүү окуялар аркылуу аймактын аудиториясын өнүктүрүүнү максат кыларын эскертти. Вадим Садоншоев, долбоордун директору. CARAVAN медиа сабаттуулукту жайылтканга жардам берип, ар кандай мед...