Борбордук Азияда «Медиасабаттуулук кербени» өтөт

Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда бир эле маалда “Медиа сабаттуулук кербени” аттуу маалыматтык өнөктүгү башталууда. Бул жылы жумалык “Маалыматтын жаңы санариптик чеги: коомдук маалыматтын кызыкчылыгында медиа жана маалыматтык сабаттуулук” деген темада 24-октябрда башталып, 31-октябрда жыйынтыкталат. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча октябрдын акыркы аптасында глобалдык медиа сабаттуулук жумалыгы өтүп келет. Өнөктүктүн максаты – үч өлкөнүн аудиториясын жалган маалыматка, манипуляциялоого жана кастык тилине көбүрөөк туруштук бере алуусуна көмөктөшүү. Борбордук Азиядагы медиа сабаттуулук жумалыгын белгилөөгө Казакстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан үч уюм кошулду. Жумалык Борбордук Азиядагы “Ишенимдүү окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)” долбоорунун колдоосу менен өтөт. Долбоорду Европа Биримдиги каржылап, Internews ишке ашырууда. Сегиз айдын ичинде үч өлкөдө үч уюм жергиликтүү өнөктүктөрдү, регионалдык иш-чараларды өткөрүү үчүн биригишет. Ошенти...