Innovation Camp. Жаңы шарттарда медиалар кантип жашап кете алат. 3-күн
Борбор Азиялык медиакэмптин акыркы күнү сөз эркиндигине кысым күчөгөн шарттарда этиканы сактоо, медиалардын жашап кетүүсү маселелерине жана креативдүү контентти жаратуу мүмкүнчүлүктөрүнө арналды. Innovation Camp'тин Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан катышуучулар үч күн журналисттик ишмердүүлүккө, этикага, медиа сабаттуулукка, дезмаалыматка каршы турууга жана аудиторияга ишенимдүү, объективдүү маалыматты креативдүү заманбап ыкмада жеткирүүгө байланыштуу орчундуу кесиптик темаларды талкуулашты. Маалыматтык башаламандык шартында этика тууралуу Медиа адис Лилия Гайсина маалыматтык башаламандык өкүм сүргөн жаңы шартта журналисттик этика жана медианын андан ары жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө кызуу талкуу уюштурду. Лилия Гайсина көйгөйлүү маселе – журналисттик этика жөнүндө сөз кылууда. Акыркы жылдары журналисттер жана контент жаратуучулар болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болушту: пандемия, аймактык жана глобалдык чыр-чатактар жана согушт...