Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле
Кыргызстанда медиасын жанрын андан ары өнүктүрүү максатында тренинг уюштурулат. Аны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр тажрыйбалуу менторлордун кол астында эки айлык менторлук программадан өтө алышат. Кыргызстандагы Интерньюс 2022-жылы Медиасын устаканасы деген жаңы долбоорду ишке ашыра баштаган. Бул долбоор журналистиканын сапаттык өнүгүүсүн талдоо, баалоо жана болжолдоо максатын, б.а. кесиптик өсүшкө жана технологиялык өнүгүүгө жетишүүнү, корпоративдик жоопкерчиликти жана тилектештикти күчөтүүнү, этикалык нормаларды сактоону, коомдук маалымат үчүн көз карандысыз институттун принциптерин сактоону, ЖМКга мүнөздүү башка социалдык функцияларды аткарууну, журналисттердин чыгармачылык жөндөмүнө дем берүүнү ж.б.д.у.с. көздөйт. Тренингде жана андан кийинки ментордук программалда өзүн көрсөтө алгандар Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынчылар тобуна чакыруу алышат. Алар 2024-жылдын октябыран тартып 2025-жылдын сентябрына чейин гонорар төлөнө турган контент жаратууга мүмкүнчүлүк алышат. Мед