Сообщения

Сообщения за май, 2024

Контент өндүрүүгө грант алуу үчүн өлкөлөр аралык командалар арасындагы сынак

Изображение
I nternews өлкөлөр аралык командаларды Борбордук Азиядагы маанилүү маселелер боюнча аймактык кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзө алган контентти өндүрүүгө грант алуу сынагына катышууга чакырат. Сынак Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүндө 2024-жылдын 1-апрелинен тарта ишке ашырыла баштады.   Көз карандысыз калыстар тобу ар биринин бюджети 10 миң евродон ашпаган 9 мыкты өтүнмөнү (болжолдуу түрдө ар бир Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 2-3 өтүнмөдөн) тандап алат. Өзбекстандан түшкөн өтүнмөлөрдүн суммасы 5 миң евродон ашпашы керек, бул каражат стипендия түрүндө берилет.   Internews сынактын жеңүүчүлөрүнө тренингдерге, вебинарларга, менторлук программаларга катышууга жана контенттин сапатын жакшыртуу үчүн медиа адистерден консультациялык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет.   Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 11 айдан ашпашы зарыл

Конкурс межстрановых команд на получение гранта для производства контента

Изображение
  Internews приглашает межстрановые команды принять участие в грантовом конкурсе на производство контента по актуальным темам для Центральной Азии, способствующим региональному сотрудничеству. Конкурс проводится в рамках регионального проекта «Повышение устойчивости аудитории через достоверные истории (CARAVAN)», реализуемого Internews при финансовой поддержке Европейского Союза. Проект реализуется в странах Центральной Азии с 1 апреля 2024 года.   Независимое жюри выберет девять лучших заявок (примерно по две-три из каждой страны Центральной Азии) с бюджетом до 10 тысяч евро каждая. Заявители из Узбекистана могут подать проект на сумму не более пяти тысяч евро, которая будет предоставлена в виде стипендии.      Internews предоставит победителям конкурса возможность участия в тренингах, вебинарах, в программе менторства, а также получить консультационную поддержку от медиаэкспертов для улучшения качества контента.   Срок реализации проектов — до 11 месяцев (до восьми месяцев для заяв

Борборазиялык жаңы CARAVAN долбоорунун бет ачаары

Изображение
  Internews «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» деген аталыштагы аймактык жаңы долбоор Борбор Азияда ишке ашырыла баштаганын билдирет.  Долбоорду Европа Биримдиги каржылайт.  Расмий түрдө башталышынын бет ачаары 14-июнда Астана убактысы боюнча саат 10:00дө, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө өтөт, (Астанада офлайн, Zoom’да онлайн). Долбоор тууралуу CARAVAN долбоору жергиликтүү жана аймактык медиалар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, билим берүүчү уюмдар жана мамлекеттик органдар менен маалыматтык көз жазгырууга, дезмаалыматка жана кастык тилге туруктуу болгон маалыматтык чөйрөнү түзүү үчүн кызматташат. Долбоор аймакта медиасабаттуулукту жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүп келген өнөктөштөрдүн ортосунда узак мөөнөттүү жана ишенимдүү мамилелерди түзүүнү көздөйт. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундарына аймакта, дүйнөдө эмне болуп жатканын жакшыраак билүүгө, өзүнүн көз карашын калыптандырууга жана маанилүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Internews’т