Ошто гендерге сезимтал журналистика боюнча тренерлер үчүн тренинг өтөт
Интерньюс гендерге сезимтал журналистика боюнча тренерлер үчүн 5 күндүк тренингге билдирүүлөрдү кабыл ала баштады. Кыргызстандагы Интерньюс гендерге сезимтал журналистика боюнча тренерлер үчүн тренингди (ТОТ) «Медиа-К» долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университет менен биргеликте өткөрөт. Өтө турган жери: Ош ш., ОшМУ Убактысы: 2024-жыл, 15-майдан 19-майга чейин. Окутууга Кыргызстандагы жождордун журналистика факультеттеринин жана бөлүмдөрүнүн окутуучулары, медиаэксперттер, гендерге сезимтал журналистика боюнча тренингдерди, семинарларды өткөрүп жүргөндөр же өткөрүүнү пландаштырып жаткандар катыша алышат. Окутууну кыргызстандык медиатренерлер кыргыз тилинде өткөрөт. Окутууга кабыл алынган катышуучулар практикалык иштерди кыргыз жана орус тилдеринде жасай алышат. ТОТинин программасында: · Гендерге сезимтал журналистиканын өзгөчөлүктөрү; · Журналисттик материалдарда гендердик сезимталдык сакталган практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча окутуу методикасынын өзгөчөлүктөр