#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо



Кыргызстандагы Интерньюс блогерлер, инфлюенсерлер жана контент жаратмандар арасында #BloggerBol лабораториясына катышуу үчүн жылда өтүүчү ачык сынак жарыялайт.

Финалга чыккандарга коомдук маанидеги контентти жаратуу үчүн стипендиялык программанын алкагында колдоо көрсөтүлөт.


#BloggerBol – бул коомдук тармактарда кыргыз тилиндеги коомдук маанидеги сапаттуу контентти жаратууга кызыккан блогерлер менен контент-жаратмандар үчүн аянтча болуп эсептелет.


Быйыл #BloggerBol лабораториясы төмөнкү багыттар боюнча билимди өстүрүүнү жана көндүмдөрдү жакшыртууну максат кылат:


● Маданият жана тарых: маданий мурас болуп саналган каада-салт, тиричилик, искусство;

Экология: климаттын өзгөрүшү, анын кесепеттерин жумшартуу жана ага ыңгайлашуу, айлана-чөйрө, жашыл экономика;

●  Үй-бүлөдө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу.

 

Сынак үч баскычтан турат:


1 баскыч:


Билдирмелерди кабыл алуу жана контенттик лаборатория үчүн катышуучуларды тандоо.


Сынакка катышуу үчүн долбоордук билдирмени толтуруп 2024-жылдын 28-апрелине чейин жибериңиздер. Билдирмеде блогду/долбоорду өнүктүрүү идеясын жазуу керек. Тандап алынган талапкерлер лабораториянын белгиленген бир темасы боюнча эксперттердин/тренерлердин жардамы менен долбоорун толуктап, жакшыртып иштеп чыга алат.

 

Билдирменин формасы бул жерде.


 

2-баскыч:


Контенттик лаборатория


Тандалып алынгандар Бишкек шаарында өтө турган үч күндүк контент-лабораторияга катышышат. Лабораториянын алкагында катышуучулар ар түрдүү форматтагы контентти жаратуудагы кесиптик көндүмдөрүн жакшыртып, жогоруда аталган темалардын бири боюнча техникалык жана практикалык жаңы билимдерди алып, презентация үчүн өзүлөрүнүн блогдорун/долбоорлорун дагы жакшыртып иштеп чыга алышат. Лабораториянын соңунда катышуучлуар питчинг даярдашат.


Питчинг – бул жюриге блогдун/долбоордун идеясын оозеки же визуалдуу сунуштоо (айтып берүү).


 

3-баскыч: Блогду/идеяны ишке ашыруу


Финалга чыккандар жогоруда аталган темалар боюнча контентти жаратыш үчүн стипендия алышат.



Долбоордун мөөнөтү: 2024-жылдын май-сентябрь айлары.


Кыргыз Республикасындагы Интерньюс эмки турга өткөн сынактын катышуучуларын гана кабарлайт.


Сынак боюнча кошумча суроолор бар болсо КРдеги Интерньюстун Жаштар жана жаңы медиалар боюнча программалык координатору Исмаил Карыповго ikarypov@internews.org почтасы аркылуу кайрылыңыздар же Телеграмда https://t.me/IsmailKarypov дарегине жазыңыздар.

 

ЧАВО (көп берилүүчү суроолор):


1. Эгерде мурда жогоруда аталган темалар боюнча контент жаратпаган болсом, бирок каалоом бар болсо билдирмени жөнөтө аламбы?

Жогоруда аталган темалардын бири боюнча контент жаратуу тажрыйбаңыздын болушу – тандоодогу негизги талаптардын бири болуп эсептелет.


2. Блог үчүн башка теманы сунуштасам болобу?

Контенттик лабораторияга өткөндө кызыгууңузга байланыштуу теманы өзгөртсөңүз болот, бирок ал төмөнкү үч теманын бири болушу керек: экология,  тарых жана маданият жана үй-бүлөдө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу.


3. Контентти орус тилинде жаратсам болобу?

Болот, бирок кыргыз тилиндеги контентке артыкчылык кылынат.


Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле

9 возможностей с дедлайном в апреле — для журналистов всего мира