Контент өндүрүүгө грант алуу үчүн өлкөлөр аралык командалар арасындагы сынак



Internews өлкөлөр аралык командаларды Борбордук Азиядагы маанилүү маселелер боюнча аймактык кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзө алган контентти өндүрүүгө грант алуу сынагына катышууга чакырат. Сынак Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүндө 2024-жылдын 1-апрелинен тарта ишке ашырыла баштады.

 

Көз карандысыз калыстар тобу ар биринин бюджети 10 миң евродон ашпаган 9 мыкты өтүнмөнү (болжолдуу түрдө ар бир Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 2-3 өтүнмөдөн) тандап алат. Өзбекстандан түшкөн өтүнмөлөрдүн суммасы 5 миң евродон ашпашы керек, бул каражат стипендия түрүндө берилет.

 

Internews сынактын жеңүүчүлөрүнө тренингдерге, вебинарларга, менторлук программаларга катышууга жана контенттин сапатын жакшыртуу үчүн медиа адистерден консультациялык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 11 айдан ашпашы зарыл (Өзбекстандан катышкандардыкы 8 айга чейин), долбоордун башталышы – 2024-жылдын 1-августу.

 

Ким катыша алат?

 

Сынакка жергиликтүү көз карандысыз медиалар, продакшн-студиялар, чыгармачыл бирикмелер, жарандык коомдун уюмдары (бейөкмөт уюмдар) жана башка кызыкдар контент өндүрүүчүлөр (блогерлер, фрилансерлер, журналисттер ж.б.) катыша алышат.

 

Маанилүү шарттар: 1) өтүнмө бергендер жергиликтүү мыйзамчылыкка жараша юридикалык жак катары катталган болушу керек (бул шарт Өзбекстандан өтүнмө бергендерге колдонулбайт, анткени бул өлкөдө каржылык жардам стипендия түрүндө берилет); 2) өтүнмө берген тарап өтүнмөнү Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн бир же бир нече өнөктөштөр менен бирге берип, долбоорду чогуу ишке ашырышы керек.

 

Кандай долбоорлорду күтөбүз?

 

Долбоордун алкагында даярдалган контент Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү тургундардын коомдук маанидеги контентке жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртып, алардын маалыматты талдап керектөөсүнө өбөлгө түзүп, жашоо сапатын жакшыртыш үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга жардам бериши керек. Ошондой эле бул контенттен төмөнкү нерселер күтүлөт:

 

·      маанилүү окуялар жана процесстер жалпысынан аймакка жана ар бир өлкөгө өзүнчө кандай таасир тийгизери тууралуу кенен түшүнүк берет;

·      дезмаалыматтар менен фейктерге каршы туруп, аларды жаратуу себептерин жана максаттарын түшүндүрөт;

·      кастык тилге жана ар башка социалдык топтогу адамдардын ортосундагы кастыкты тутандырууга каршы турат;

·      дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн аймактагы соода-экономикалык байланыштардын мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырат;

·      эмгек миграциясы темасын жана анын Борбордук Азиянын калкына, өзгөчө аялдар менен кыздарга таасирин ачып берет;

·      аймактагы экологиялык темаларды, климаттын өзгөрүшүн жана суу ресурстарынын колдонулушун чагылдырат;

·      маанилүү геосаясий процесстерди, анын ичинде аймакка жана ар бир өлкөгө таасирин тийгизген согуш менен конфликттерди чагылдырат;

·      Борбордук Азия аймагында тынчтыкты орнотуу/сактоо жана сабырдуулукту өнүктүрүү идеяларын бекемдейт;

·      ар башка аудиториялардын ортосундагы диалогго өбөлгө түзөт жана бул жамааттардын ичиндеги маселелер боюнча бир пикирге келүүгө, аны чечүү жолдорун табууга жардам берет;

·      аймактагы жалпы баалуулуктар жөнүндө талкууга дем берет, калктын арасында жарандык активдүүлүк үчүн укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет;

·      аялдардын жана башка аялуу топтордун жалпы көйгөйлөрүн, анын ичинде коомдо терең тамыр жайган стереотиптерди жана бул стереотиптерге каршы күрөштү чагылдырат.

 

 

Долбоорлордо караштырылган контенттин жанрлары/форматтары:

 

Биз ар түрдүү жанрдагы жана форматтагы контентти даярдоо караштырылган өлкөлөр аралык долбоордук сунуштарды кубаттайбыз: аналитика, журналисттик иликтөөлөр, чоң маалыматтар колдонулган материалдар (дата журналистика), лонгриддер, атайын репортаждар, даректүү тасмалар, арт-контент (кыска метраждуу көркөм тасмалар, социалдык роликтер), сторителлинг, фактчекинг, документалистика, интервью, ток-шоу ж.б.д.у.с.

 

Өтүнмөнү даярдоо жана берүү этаптары:

 

1.     Сынакка катышуу үчүн Борбордук Азиянын башка өлкөсүнөн бир же бир нече өнөктөштү табуу, идеяны талкуулоо жана долбоордук сунушту аныктоо.

2.     Сынак, өтүнмөнү толтуруу жана анын бюджети тууралуу маалыматтык сессияга катышуу (ал жөнүндө кенен маалымат ылдыйда).

3.     Өтүнмөнүн формасын  жана бюджетин  толтуруу жана бардык керектүү документтер менен биргеликте Central-Asia-Applications@internews.org дарегине темасын «Конкурс межстрановых проектов» деп белгилеп, 2024-жылдын 30-июнунда Алматы убактысы боюнча саат 23:59дан кечиктирбей жиберүү.

4.     Өтүнмөлөр орус же англис  тилдеринде кабыл алынат.

 

Кошумча маалымат:

 

Гранттык каражатты эмгек акыга, иш сапарына, контентти даярдоого жана аны жайылтууга тиешеси бар операциялык чыгымдарга, программалык камсыздоого, жабдууларды жарым-жартылай модернизациялоого колдонсо болот.

 

Бардык керектүү документтер толугу менен берилген өтүнмөлөр гана каралат (өтүнмөнүн формасында көрсөтүлгөн бардык керектүү документтердин тизмегин карагыла). Бир же бир нече документтер жетишпеген өтүнмөнү Internews карабай койгонго толук укуктуу.

 

Сынактын баскычтары :

 

Биринчи баскыч: долбоордук сунуштарды техникалык тандоо (бардык керектүү документтердин толук болушу, сынактын шарттарына туура келиши).

Экинчи баскыч: сынактын максатына эң туура келген өтүнмөлөрдү тандоо (шорт-листинг).

Үчүнчү баскыч: Экинчи баскычтан өтүп, финалга чыккан долбоордук командалардын питчинги – долбоорлору менен кыскача тааныштыруусу.

Төртүнчү баскыч: Питчингдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү жарыялоо. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдү жана резервдик командаларды аныктайт.

 

Сынактын жыйынтыктары:

 

Сынакта жеңген командалардын тизмеги 2024-жылдын июлунда жарыяланат. Жеңген командаларга калыстар тобунун пикирлерин эске алуу менен долбоорду оңдоп жакшыртып, бюджеттин акыркы вариантын иштеп чыкканга жана келишим түзгөнгө керектүү документтерди чогултканга бир жума берилет. Келишимге кол коюлгандан кийин командалар долбоорлорун ишке ашыра башташат.

 

Тандоо критерийлери:

 

·      Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жергиликтүү мыйзамчылыкка жараша юридикалык жак катары (ЖИ, ТОО, ЖЧК, коомдук бирикме ж.б.) расмий түрдө катталышы (бул Өзбекстандан өтүнмө бергендерге колдонулбайт);

·      контент өндүрүү боюнча бир жылдан кем эмес мурдагы тажрыйбасынын болушу;

·      команданын ар бир мүчөсүнүн тажрыйбасы менен кошо эмгектердин потрфолиосунун болушу;

·      керектүү документтердин бардыгынын болушу (тизмекти өтүнмөнүн формасынан тапса болот);

·      идеянын өзгөчөлүгү, оригиналдуулугу, креативдүүлүгү жана жаңычылдыгы;

·      долбоордук өтүнмөнүн сынактын темаларына туура келиши;

·      кеңири аудиторияга жеткиликтүүлүгү (контентти жайылтуу);

·      долбоорду ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жетиштүү болушу;

·      команда мучөлөрүнүн CARAVAN долбоорунун алкагындагы бардык окутууларга катышууга макулдугу;

·      сапаттуу журналистиканын кесиптик жана этикалык стандарттарын кармануусу.

 

Командага артыкчылык берилет, эгерде ал:

 

·      ар башка форматтагы контентти даярдай турган болсо;

·      маалыматты таркатуунун ар башка жолдорун колдоно турган болсо;

·      жергиликтүү тилде контентти даярдай турган болсо же контентти бул тилге ыңгайлаштыра турган болсо;

·      мурда өлкөлөр аралык долбоорлорду ишке ашырса жана/же катышса жана аны далилдей алса.

 

Маалыматтык сессия:

 

2024-жылы 5-июнда Алматы убактысы боюнча саат 15:00дө Internews сынак боюнча маалыматтык сессия өткөрөт, анда сынактын шарттары тууралуу кененирээк маалымат алып, кызыктырган суроолорго жооп алса болот. Өтүнмө бергиси келгендер маалыматтык сессияга Zoom платформасы аркылуу катыша алышат. Маалыматтык сессияга катышуу үчүн бул шилтеме боюнча онлайн-каттоодон өтүү зарыл.

 

Internews’тун долбоорду ишке ашырууда командаларга колдоо көрсөтүүсү:

 

Сынактын жеңүүчүлөрү вебинарларга, тренингдерге катышууга жана ментордук жардам алууга мүмкүнчүлүк алышат. Окутуулар редакциялык саясат, фактчекинг, маалыматтарды талдоо, санариптик мультимедиалык баяндоо, этикалык стандарттар, жана ошондой эле санариптик, жана укуктук сабаттуулук, жана жеке коопсуздук сыяктуу маанилүү багыттар боюнча көндүмдөрдү, жана билимди жакшыртууга арналат. Өнөктөрдүн муктаждыктарына жараша контентти жайылтуунун стратегиясын жана киреше булактарын диверсификация кылуу бизнес-планын иштеп чыгуу боюнча окутуулар дагы каралат.

 

Дагы суроолор барбы?

 

Биз менен байланышкыла! Central-Asia-Applications@internews.org почтасы аркылуу бардык суроолоруңарга жооп бергенге даярбыз. Каттын темасын «Конкурс межстрановых проектов» деп белгилегиле.

 

Гранттык сынак Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

 

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

Конкурс межстрановых команд на получение гранта для производства контента

Интерньюс в Кыргызстане объявляет о запуске пилотной контентной программы “Новое телевидение”