Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак
Интерньюс сапаттуу контент жаратуучуларды жергиликтүү тургундарга өлкөдө, аймакта жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жакшыраак түшүнүүгө, ошондой эле бул процесстердин жалпы коомго жана алардын өздөрүнүн жашоосуна кандай таасир тийгизерин баалоого жардам бере турган контентти жаратууга гранттык сынакка катышууга чакырат.
Сынак Интерньюс тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишке ашырылып келет.
Көз карандысыз калыстар тобу кеминде эки эң мыкты долбоорду тандайт. Гранттын максималдуу суммасы: 30 миң еврого чейин ар кандай темалар боюнча оригиналдуу контенттин кеминде 30 бирдигин чыгаруу үчүн берилет. Интерньюс колдоого алынган долбоорлордун санына жараша гранттын көлөмүн төмөндөтүүгө болгон укугун сактайт.
Конкурстун жеңүүчүлөрү тематикалык тренингдерге катышып, Интерньюстун менторлорунан техникалык жана эксперттик колдоо ала алышат. Жеңүүчүлөргө медиаэксперттерден кеңештер берилет, анын ичинде рыноктогу финансылык туруктуулукту бекемдөө боюнча.
Долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү – 10 айга чейин, долбоорлордун болжолдонгон башталуу датасы – 2025-жылдын май айынын башы.
Өтүнмөлөрдү тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 31-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59га чейин.
Ким катыша алат?
Сынакка улуттук камтуудагы аудиториялары бар жергиликтүү көз карандысыз ЖМКлар, продакшн студиялар жана башка контент жаратуучу кызыкдар тараптар (блогерлер, фрилансерлер, журналисттер ж.б.) катышууга чакырылат.
Маанилүү шарт: өтүнмө ээси жергиликтүү мыйзамдарга ылайык мыйзамдуу каттоодон өтүшү керек (ЖЧК, ЖИ, КФ, КУ ж.б.).
Биз кандай долбоорлорду күтөбүз?
Интерньюс төмөндөгүдөй маалыматтарды чагылдыруу аркылуу жалган маалыматтын таралышына каршы турууга жардам бере турган жергиликтүү контентти өндүрүү долбоорлоруна арыздарды кабыл алууну күтүүдө:
- өлкөдө, аймакта жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар;
- маанилүү геосаясий процесстер, анын ичинде аймакка жана өлкөгө таасир тийгизген чыр-чатактар;
- калктын жарандык активдүүлүгү үчүн укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн баалуулуктары;
- сөз эркиндиги, адам укуктары, гендердик жана теңчиликтин башка түрлөрү идеялары;
- аялдардын жана аялуу же маргинализацияланган топтордун көйгөйлөрү, анын ичинде коомдогу стереотиптер;
- экологиялык темалар, климаттын өзгөрүүсү жана аймактагы суу жана энергия ресурстары маселелери;
- саламаттыкты сактоо жана медициналык кызматтарга жетүү көйгөйлөрү;
- технологиялык жаңылыктар жана алардын коомго тийгизген таасири, анын ичинде санариптик коопсуздук жана жасалма интеллект маселелери;
- социалдык теңсиздик жана жакырчылык, ошондой эле калктын катмарларынын ортосундагы ажырымды кыскартууга багытталган иш-чаралар;
- миграция жана мигранттардын укуктары, анын ичинде жер которуу жана жаңы коомго интеграция маселелери;
- жана башка актуалдуу темалар.
Мисалы, жалган маалымат же маалыматты манипуляциялоо өлкөлөрдүн тарыхы жөнүндө бейкалыс көз караштарды кантип калыптандырарын көрсөткөн, аймактагы интеграциялык процесстерге, гендердик стереотиптерди жайылтууга жана аялуу топтордун укуктарына таасирин тийгизген, же калктын арасында кастыкты жана ишенбөөчүлүктү пайда кылаарын көрсөткөн материалдар болушу мүмкүн. Ошондой эле, климаттын өзгөрүүсү жана экологиялык туруктуулукту камсыздоо аракеттерине доо кетирген мифтерди жокко чыгарган материалдар да болушу мүмкүн; технологиялардын коомдун жашоосундагы ролун, ошондой эле алардын маалыматты түзүүгө жана жайылтууга тийгизген таасирин, анын ичинде фейктер жана манипуляциялар менен байланышкан кыйынчылыктарды чагылдырган басылмалар. Мындан тышкары, биз дезинформациянын саламаттыкты сактоого жана медицинага тийгизген таасирин, анын ичинде эмдөө жана ооруларды дарылоо жөнүндө туура эмес маалыматтын таралышын талдаган жана чагылдырган материалдарды кубаттайбыз.
Контент коомдогу диалогду өнүктүрүүгө жана аудиториялардын маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүсү маанилүү.
Долбоорлор төмөндөгүдөй жанрларда көрсөтүлүшү мүмкүн:
Интерньюс ар кандай жанрдагы контентти түзүүнү сунуштаган өтүнмөлөрдү кабыл алат: аналитика, иликтөөчү журналистика, билим берүү, көңүл ачуу жана окутуучу материалдар, сатира, документалистика, интервьюлар, ток-шоу жана башкалар. Видео форматындагы контент жаратуу кубатталат.
Өтүнмөнү даярдоо жана берүү этаптары:
1. Сынактын жүрүшү жана анкета менен бюджетти кантип толтуруу керектиги тууралуу маалыматтык сессияга катышуу (толук маалымат төмөндө).
2. Анкетаны (шилтемеде) жана бюджетти (шилтемеде) жүктөп жана толтуруп, документтердин толук пакети менен kg-grants@internews.org электрондук дарегине «КАРАВАН. Контент өндүрүү боюнча сынак – Кыргызстан» темасын жазып 2025-жылдын 31-мартынан кечиктирбестен Бишкек убактысы боюнча 23:59га чейин жөнөтүүгө үлгүрүү абзел.
3. Өтүнмөлөр кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынат.
Кошумча маалымат:
Гранттык каражаттар эмгек акысын төлөөгө, материалдарды чогултуу боюнча иш сапарларга, контентти өндүрүүгө жана түзүлгөн контентти илгерилетүү боюнча пландарды ишке ашырууга байланышкан операциялык чыгымдарга, жабдууларды жарым-жартылай модернизациялоого жумшалышы мүмкүн.
Документтердин пакети толук болгон гана өтүнмөлөр кароого кабыл алынат (анкетадагы документтердин толук пакетинин тизмесин караңыз). Интерньюс бир же бир нече документтери жок долбоордук өтүнмөлөрдү карабай коюуга укуктуу.
Мелдештин этаптары:
Биринчи этап: долбоордук сунуштарды техникалык тандоо (документтердин толук пакетинин болушу, сынактын талаптарына шайкештиги).
Экинчи этап: сынактын максаттарына эң туура келген долбоордук өтүнмөлөрдү тандоо (кыска тизме).
Үчүнчү этап: тандоонун экинчи этабынан өткөн долбоордук командалардын (финалисттердин) долбоордун идеясынын презентациясы менен питчинг.
Төртүнчү этап: көз карандысыз калыстар тобу сынактын жеңүүчүлөрүн жана резервдегилерди аныктайт.
Мелдештин жыйынтыгы:
Жеңүүчү командаларга калыстар мүчөлөрүнүн пикирлерине ылайык долбоорду аягына чыгарууга, акыркы бюджетти түзүүгө жана келишим түзүү үчүн керектүү документтерди чогултууга бир жума убакыт берилет.
Тандоо критерийлери:
- кеминде бир жылдык контентти өндүрүү чөйрөсүндөгү мурунку тажрыйбасы (команданын негизги мүчөлөрүнүн тажрыйбасы эске алынат);
- иш портфелинин болушу, анын ичинде команданын айрым мүчөлөрүнүн тажрыйбасы;
- документтердин толук пакетинин болушу (тизмени анкетадан тапса болот);
- долбоордун сунуш кылынган темаларынын актуалдуулугу жана бул темаларды чагылдырууда жаңыча ракурс;
- долбоордук өтүнмөнүн сынактын жарыяланган темаларына шайкештиги;
- кеңири аудиторияга жеткиликтүүлүгү жана улуттук камтуудагы өздүк медиа-платформанын болуусу (контенттин максималдуу камтылышын жана жайылышын камсыз кылуу);
- даярдалган контенттин (мазмун бирдиктеринин) 70%дан кем эмеси мамлекеттик тилде болууга тийиш;
- команда мүчөлөрүнүн CARAVAN долбоорунун алкагындагы бардык окуу иш-чараларына активдүү катышууга макулдугу;
- долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык базанын болуусу;
- сапаттуу журналистиканын кесиптик жана этикалык стандарттарына так таянуусу;
- жергиликтүү мыйзамдарга ылайык юридикалык каттоонун болуусу (ЖИ, ЖЧК, КФ, КУ ж.б.).
Төмөнкү долбоорлорго артыкчылык берилет:
- улуттук жайылтуу чегин камтыган каналдарды колдонуу;
- мамлекеттик тилдеги контентти кеңири жайылтуу;
- башка жергиликтүү тилдерге контент даярдоо жана/же ылайыкташтыруу;
- ар кандай маалымат таркатуу каналдарын же форматтарын колдонуу;
- өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарын керектөө тенденцияларына ылайык келген.
Маалыматтык сессия:
2025-жылдын 5-мартында Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө Интерньюс маалыматтык сессиясын өткөрөт, анда сиз сынактын шарттары менен көбүрөөк таанышып, сизди кызыктырган суроолорду бере аласыз.
Талапкерлер маалыматтык сессияга Zoom платформасында онлайн кошула алышат.
Маалыматтык сессияга катышуу үчүн шилтеме аркылуу онлайн катталыңыз.
Дагы эле суроолоруңуз барбы?
Биз менен байланышыңыз! Суроолоруңузга kg-grants@internews.org электрондук почтасы аркылуу жооп берүүгө даярбыз. «КАРАВАН». Контент өндүрүү боюнча сынак – Кыргызстан» деген тема сабын колдонуңуз.
Гранттык сынак Интерньюс тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоорунун алкагында өткөрүлөт.
Комментарии
Отправить комментарий