Эки тил – бир аудитория: жаңы медиа Yido Кыргызстанда кандай иштеп жатат
Yido'нү ачууга негизги себеп – адамды журналистикага кайтарсакпы деген ой болгон. Сүрөттү Александра Титова берди.
Кыргызстанда дароо эки тилде – кыргызча жана орусча чыккан Yido — Үйдө деген медиа өз ишин баштады.
Бул бири-биринин котормолору эмес, эки тилде чыккан кадимки өз алдынча контент. Долбоордо иштеген команданын пикиринде, бул аудиторияны бөлбөй, тескерисинче, аны жеке окуялардан баштап маданияттагы жана коомдогу өзөрүүлөр сыяктуу маанилүү жалпы темалардын айланасында бириктирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
«Новый репортёр» Yido'нүн журналисттери менен сүйлөшүп, азыркы Кыргызстанда жаңы медианы иштетүү кандай экенин биле алды.
«Биз – үй тууралуу окуяларбыз, анын ар бир тургуну – баалуулуктар калыптанып, ар бирөөнүн маселеси же кубанычы жалпы маселе же кубаныч болгон үй-бүлөнүн бөлүгү болуп эсептелет. Ушул ойду биз аудиториябызга жеткиргибиз келет. Биз адамдын эркине ишенебиз жана аны менен суктанабыз. Мыйзам чегиндеги адилеттикке үмүт өчкөндө жалпы үйүбүз үчүн күрөшкөн эл калат дайыма», – бул өткөн жылы эки белгилүү журналист Александра Тихонова менен Айдай Эркебаева ишке ашыра баштаган Yido деген медиа долбоордун сүрөттөлүшү.
Александра Титова жана Айдай Эркебаева. Сүрөттү Титова берди.
Алардын медиада чоң тажрыйбалары бар, көптөгөн дата-материалдарды, журналисттик иликтөөлөрдү даярдашкан. Бирок былтыр классикалык медиадан кетип жаңы долбоорду баштоону туура көрүшкөн. Александранын айтымында, Yido'нү ачууга негизги себеп – адамды журналистикага кайтарсакпы деген ой болгон.
"Биз Кыргызстандын маалыматтык талаасынан жөнөкөй адамдар, алардын окуялары, маселелери жоголгонун байкадык. Биз ар түрдүү контент даярдайбыз, бирок так ушундай материалдар – адамдын жашоосу, тажрыйбасы жөнүндө жөнөкөй интервьюлар чоң кызыгууну жаратат. Адамдар аны кызыгып окушат. Кыйкырган журналистикага эмес, башка адамдардын жашоосу тууралуу баяндаган журналистикага муктаждык бар", – деп түшүндүрдү Александра.
Айдай Yido'нүн максатын адамдар жана алардын жетишкендиктери, алар жараткан кызыктуу нерселер, өлкө кайда баратканы жана анын жарандары эмне деп ойлогону жөнүндө фичердик медиа катары көрөөрүн кошумчалады.
«Биз татаал тенденцияларды жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бергенге, элге пайдалуу болгонго, ошол эле кезде, бул азыркы Кыргызстандагы кырдаалда өтө маанилүү, эркин болгонго аракет кылабыз», – дейт ал.
Башында команда эч кимден жардам албай долбоорду өзүлөрү баштасакпы деген ойдо болгон, бирок журналист кыздар кийин ойлонуп көрүп, Европа Биримдиги каржылап Internews ишке ашырып келе жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоордун алкагында Internews уюштуруп жаткан конкурска катышып көрүүнү туура көрүп, аны утуп алышкан.
Александранын айтымында, 2025-жылдын башында бардык америкалык колдоо көрсөтүү программалары токтогондон кийин журналисттер каржылоо булактарына жетүүдө көп кыйынчылыктарга дуушар болушту. Кыргызстандык медиалардын ортосунда атаандаштык ансыз да чоң болчу, каржылоо азайганда ал андан да катуу күчөдү.
Айдай Yido долбоору бара-бара коммерциялык моделге өтүп, жергиликтүү бизнес-түзүмдөр менен кызматташа баштайт деп эсептейт. Бирок ал үчүн команда аудиторияны кеңейтип, рынокто өз ордун табышы керек болот.
Учурда Yido беш адам иштегени менен былтыртан бери алар ар түрдүү форматтагы жүздөн ашык макалаларды жарыялаганга жетише алышты, ал эми Instagram'дагы баракчаларына төрт миңге жакын адам жазылган.
«Yido долбоору мен Кыргызстанда жарыяланышын каалаган контентти жаратуу үчүн ачылган». Cүрөттү Титова берди.
«Чынынан алганда, медиа – киреше деле алып келбейт. Таптакыр. Мен бул тармакта көп жылдан бери иштеп келем, айлыгым эч качан чоң болгон эмес. Бирок мен журналистикадан кеткен жокмун, анткени ишим мага жагат. Yido долбоору дагы мен Кыргызстанда жарыяланышын каалаган контентти жаратуу үчүн ачылган», – деп тактады Александра.
Yido кандай окуяларды айтып берет?
Yido долбоорунун өзгөчөлөгүнүн бири – ал бир убакта эки тилде – кыргызча жана орусча чыгат. Бул Борбор Азиялык медиалардын көбүнө мүнөздүү эки тилдеги параллель версиялар, контенттин бир тилден башка тилге которулушу эмес, атап айтканда, ар бир материалды бир эле учурда эки тилде жарыялоого умтулуу.
«Кыргызстанда медианын ушундай иштеши сейрек кезигет. Ал эмес донорлор адатынча: контентти кыргызча, орусча кылып өзүнчө бөлгүлө дешет. А биз бул чектөөдөн чыгып, аудиторияны бөлбөйлү, тескерисинче, бири бири менен тааныштыралы дедик. Анан ошондой эле орус тилдүүлөр биздин тексттердин негизинде кыргызча үйрөнө алышса экен, котормолорду башка жерден издеп убара болушпасын деген тилегибиз бар эле. Кайсы бир сөздүн котормосун билбей жатасыңбы, кирип, окуп, билип алсаң болот», – деп түшүндүрдү Александра.
Айдайдын айтымында, мындай тилдик форматты аудитория ар башкача кабыл алды, бири сындаса, башкасы ыраазычылыгын билдирди.
Ошол эле кезде контентти жаратууда эки тилди айкалыштыруу – контент өндүрүүчүлөр үчүн өтө татаал иш, бирок алар өз идеябыздан кайтпайбыз дешет.
«Медиа сабаттуу болууну жана материалды талдай билүүнү команда кесиптин ажырагыс бөлүгү катары көрөт». Cүрөттү Александра Титова берди.
Yido эки тилде баяндаган окуялар азыркы Кыргызстанды чагылдырат. Журналист кыздардын айтымында, былтыртан бери жарыяланган материалдардын ичинен эсте каларлыктардын бири деп Бишкектин жайма базарлары тууралуу долбоорду атаса болот.
Журналисттер соода тууралуу эмес, жакырчылык, Кыргызстанда адамдардын пенсияга чыгуудан чочулагандыгы тууралуу айтып беришкен. Каармандардын бири интервьюда жашоого акча жетпегендиктен ашкана буюмдарын сатып жатканын айтат.
Дагы бир маанилүү материал психикалык ден соолук боюнча долбоор болду – авторлор мамлекеттик борбордо депрессиядан дарыланган бейтаптын сейрек кездешкен оң маанайдагы окуясын айтып беришти. Медианын командасы мындан бир жыл мурда жарыяланган декоммунизация боюнча материалды да белгиледи.
«Бул күндөрү Кыргызстанда деколонизация катуу талкууланууда, бирок биз башынан эле алгач декоммунизация баскычынан өтүшүбүз керек дегенбиз. Материалда бул теманын айланасында тарыхчы менен интервью уюштурулуп, коммунизмден бизге мураска калган маселелер талдоого алынган», – деп түшүндүрдү Александра.
Кыргыз тили темасы да көңүл чордонунда. Мисалы, команда санариптик чөйрөдө кыргыз тамгаларын колдонуунун маанилүүлүгү жөнүндө материал даярдаган. Журналисттер көптөгөн адамдар азыркыга чейин кыргыз клавиатурасын орнотконду билбей тургандыгын, же аларга жете албастыгын, а демек кыргыз тили компьютерлер үчүн жоголуп, байкалбай калып баратканын белгилешкен.
Кыргызстандагы алгачкы жаңсоо тилиндеги ырчы кыз Алия тууралуу башка материал элдин чоң кызыгуусун жаратты. Интервьюда каарман жаңсоо тилин кеңири жайылткысы, ал эмес мектепти ачкысы келгендиги тууралуу айткан. Алия учурда баарлашуунун бул ыкмасын үйрөнгүсү келгендер үчүн онлайн-курсту ачкан.
Редакция өзгөчө белгилеген темалардын арасында журналист Чынаргүл Жумабекованын Кыргызстандагы этек кир жакырчылыгы боюнча изилдөөсүнө арналган материал бар. Анда журналист этек кирде колдонулуучу буюмдардын жана аларды туура пайдалануу жана утилдештирүү боюнча билимдин жеткиликтүү эместиги тууралуу айтып берген. Долбоордун барагында жарыяланган бул изилдөөнүн «ыңгайлаштырылган» форматынын аркасында чоң аудитория коом үчүн ачык-айкын болбогон көйгөйлөр жөнүндө маалымат ала алды.
Yido иштей баштагандан тартып курч темаларды көтөрүп келгени менен жазылуучулар тараптан команданы сындап, ага жаман сөз айткандар дээрлик болбоду.
«Редакция азырынча чакан, бирок өтө ишенимдүү, мамилеси жакшы аудиторияны топтой алды: жактырбагандар өтө аз кездешет, ал эми экология, дарактардын кыйылышы, ыш-түтүн темалары баарын кызыктырат. Аялдардын укуктары тууралуу темалар да жакшы кабыл алынат, жазылгандардын 60%ын аялдар түзөөрүн эске алсак, мында таңгаларлык деле эч нерсе жок. Команда урбанистика темасына да көп көңүл бурат», – дейт Айдай.
«Биз бардык маселелерге карабай мындан да ары жашап, өнүккүбүз келет». Cүрөттү Александра Титова берди.
Редакция акырындан жаратмандардын тобун түзүүдө, долбоорго, мисалы, фотографтар даяр сүрөттөрдүн сериясы менен келип, аларды жарыялай алышат. Александра белгилегендей, Yido мүмкүн болушунча ачык болгонго, адамдар адамдар менен баарлаша ала турган аянтча болгонго умтулат.
Анын айтымында, азыркы заманда контентти каалаган адам жарата алат, бирок журналисттер гана аны колдоп, редакторлоп, анын сапаттуу болушун камсыздай алат. Медиа сабаттуу болууну жана материалды талдай билүүнү команда кесиптин ажырагыс бөлүгү катары көрөт, бирок ошону менен катар өз ишине мүмкүн болушунча көп адамды тартууга умтулат.
«Биз бардык маселелерге карабай мындан да ары жашап, өнүккүбүз келет, – деп түшүдүрдү Айдай. – Бизге азыр адамдар жетишпей жатат, биз бардыгына жетишип, материалдарды өз убагында жарыялап турууну көздөйбүз. Планыбызда кеңейүү бар, бирок сан деп сапатыбызды жоготуп албашыбыз керек. Убактысы келгенде терең мыкты материалдарды жараткканды улантыш үчүн бир аз эс тыныгып алсакпы дейбиз».
Yido долбоору Европа Биримдиги каржылап Internews ишке ашырып келе жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык демилгенин алкагында түзүлгөн.
Комментарии
Отправить комментарий