#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо
Кыргызстандагы Интерньюс блогерлер, инфлюенсерлер жана контент жаратмандар арасында #BloggerBol лабораториясына катышуу үчүн жылда өтүүчү ачык сынак жарыялайт.
Финалга чыккандарга коомдук маанидеги контентти жаратуу үчүн стипендиялык программанын алкагында колдоо көрсөтүлөт.
#BloggerBol – бул коомдук тармактарда кыргыз тилиндеги коомдук маанидеги сапаттуу контентти жаратууга кызыккан блогерлер менен контент-жаратмандар үчүн аянтча болуп эсептелет.
Быйыл #BloggerBol лабораториясы төмөнкү багыттар боюнча билимди өстүрүүнү жана көндүмдөрдү жакшыртууну максат кылат:
● Маданият жана тарых: маданий мурас болуп саналган каада-салт, тиричилик, искусство;
●Экология: климаттын өзгөрүшү, анын кесепеттерин жумшартуу жана ага ыңгайлашуу, айлана-чөйрө, жашыл экономика;
● Үй-бүлөдө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу.
Сынак үч баскычтан турат:
1 баскыч:
Билдирмелерди кабыл алуу жана контенттик лаборатория үчүн катышуучуларды тандоо.
Сынакка катышуу үчүн долбоордук билдирмени толтуруп 2024-жылдын 28-апрелине чейин жибериңиздер. Билдирмеде блогду/долбоорду өнүктүрүү идеясын жазуу керек. Тандап алынган талапкерлер лабораториянын белгиленген бир темасы боюнча эксперттердин/тренерлердин жардамы менен долбоорун толуктап, жакшыртып иштеп чыга алат.
Билдирменин формасы бул жерде.
2-баскыч:
Контенттик лаборатория
Тандалып алынгандар Бишкек шаарында өтө турган үч күндүк контент-лабораторияга катышышат. Лабораториянын алкагында катышуучулар ар түрдүү форматтагы контентти жаратуудагы кесиптик көндүмдөрүн жакшыртып, жогоруда аталган темалардын бири боюнча техникалык жана практикалык жаңы билимдерди алып, презентация үчүн өзүлөрүнүн блогдорун/долбоорлорун дагы жакшыртып иштеп чыга алышат. Лабораториянын соңунда катышуучлуар питчинг даярдашат.
Питчинг – бул жюриге блогдун/долбоордун идеясын оозеки же визуалдуу сунуштоо (айтып берүү).
3-баскыч: Блогду/идеяны ишке ашыруу
Финалга чыккандар жогоруда аталган темалар боюнча контентти жаратыш үчүн стипендия алышат.
Долбоордун мөөнөтү: 2024-жылдын май-сентябрь айлары.
Кыргыз Республикасындагы Интерньюс эмки турга өткөн сынактын катышуучуларын гана кабарлайт.
Сынак боюнча кошумча суроолор бар болсо КРдеги Интерньюстун Жаштар жана жаңы медиалар боюнча программалык координатору Исмаил Карыповго ikarypov@internews.org почтасы аркылуу кайрылыңыздар же Телеграмда https://t.me/IsmailKarypov дарегине жазыңыздар.
ЧАВО (көп берилүүчү суроолор):
1. Эгерде мурда жогоруда аталган темалар боюнча контент жаратпаган болсом, бирок каалоом бар болсо билдирмени жөнөтө аламбы?
Жогоруда аталган темалардын бири боюнча контент жаратуу тажрыйбаңыздын болушу – тандоодогу негизги талаптардын бири болуп эсептелет.
2. Блог үчүн башка теманы сунуштасам болобу?
Контенттик лабораторияга өткөндө кызыгууңузга байланыштуу теманы өзгөртсөңүз болот, бирок ал төмөнкү үч теманын бири болушу керек: экология, тарых жана маданият жана үй-бүлөдө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу.
3. Контентти орус тилинде жаратсам болобу?
Болот, бирок кыргыз тилиндеги контентке артыкчылык кылынат.
Комментарии
Отправить комментарий