«Башта» долбоору кыргызча да иштей баштады
2019-жылдан бери түшүндүрүүчү журналистика менен алектенген «Башта» медиа долбоорунун редакциясы ушул эле аталышта кыргызча да иштей баштады (@Bashtakg).
Журналисттер көрүүчүлөр үчүн түшүнүксүз жана пайдалуу болгон темаларда видеолорду даярдап, ошол эле учурда улуттук тилдеги контенттин өзгөчөлүгүн түшүнүүгө далалат кылып келишүүдө.
«Баштанын» негиздөөчүлөрү жергиликтүү аудитория кандай роликтерди жактырары жана кыргыз журналисттери учурда кандай шарттарда иштеп жаткандыгы тууралуу «Новый репортерго» айтып берди.
Көп жылдан бери «Башта» долбоорун Борбордук Азияда белгилүү журналисттер: Нуржамал Джанибекова, Азат Рузиев жана Тилек Бейшеналы алып барышууда. «Баштанын» Instagram жана YouTube'd дагы роликтерине көз салып Кыргызстандын алдыңкы жаштары эмнеге кызыгаарын байкаса болот – долбоордун авторлору ушуга катуу көңүл бурушат.
Бир нече ай мурда редакция өз тарыхында биринчи жолу кыргызча иштеп көрүүнү чечкен.
Бул иште аларга Европа Биримдиги каржылап Internews ишке ашырып келе жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоору жардам берүүдө.
«Кыргызча да иштей баштоо чечимибиз аудиториябызды кеңейтүү максатыбызга байланыштуу. Биз калктын 80% улуттук эсептелген эне тилинде сүйлөгөн өлкөдө жашайбыз. Орус тилдүү барагыбызда аудиториябыздын чегине жеттик деп ойлойбуз – 60–70 миң катталуучубуз бар. Жаңы элди тартыш үчүн жана элге маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүш үчүн, бул өзгөчө азыр, мындай мүмкүнчүлүктөр азайып бар жаткан учурда өтө маанилүү, биз сөзсүз кыргызча да иштешибиз керек деген чечимге келдик. Биз бул тууралуу мурдатан эле, бир-эки жылдан бери ойлонуп, талкуулап жүргөнбүз, бирок так азыр журналистика кризиске кабылганда ал оюубузду ишке ашыра баштадык», – деп түшүндүрдү Нуржамал.
Нуржамал Джанибекова, сүрөт коомдук тармактардан алынды.
Нуржамал сөз кылган журналистикадагы кризис өлкөдө көп жылдан бери байкалууда. Мисалы, 2024-жылы Кыргызстанда «массалык баш аламандыкка чакырган» деген айып менен 11 журналист кармалган болчу, алардын экөөсү – Махабат Тажибек Кызы жана Азамат Ишенбеков алты жана беш жыл абакка кесилген. Ошол эле жылы бейөкмөт уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөткөн «чет элдик өкүлдөр» жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ал эми Жогорку сот көз карандысыз Kloop Media басылмасынын жокко чыгарылышын тастыктаган. 2025-жылдын августунун башында республикада өтө катуу талаптары үчүн медиа коомчулук тарабынан сынга алынган ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамга кол коюлду.
Жаңы шарттарда кыргыз журналисттеринде маалыматка жетүүдө маселелер жарала баштады. «Башта» редакциясы да аны сезди.
«Азыр маалыматка жетүү бир аз оорураак болуп калды деп ойлойм. Өзгөчө иликтөөлөр менен алектенген журналисттер үчүн. Көп маалымат жабык бойдон калууда: кайсы бир маалыматтар базасына жетүү мүмкүн болбой калды, же ага жетүү жолун татаалдантып коюшту. Маморгандар да, менимче, маалыматтарды сейрегирээк бере баштады. Соттошкон күндө да эч нерсеге жетпейт болушуң мүмкүн. Мыйзам боюнча, алар эки жумнын ичинде жооп бериши керек, бирок көп учурда бул мөөнөт сакталбайт. Мурда каалаган аймакта каалаган аткаминер менен сүйлөшө алчусуң, азыр болсо бардыгы бийлик вертикалы боюнча: бардыгын макулдашып алыш керек», – дейт Нуржамал.
Расмий булактардан сырткары материалдын каарманы боло турган респонденттер менен да баарлашуу кыйынчылыкты жарата баштады.
«Ал эмес жөнөкөй эле адамдар, мисалы, шарттары өтө начар жаңы автобекеттеги айдоочулар да ал тууралуу эч нерсе айткысы келбейт. Мурда эл кадрга түшүп калыш үчүн талашып тартышып, нааразычылыгын билдирип, бийликтин туура эмес кадамдарын ачык айтышат эле. Азыр андай жок», – дейт Нуржамал.
Кыргыз аудиториясына кандай контент жагат?
«Башта» редакциясы иш алып баруунун оор шарттарына карабай медиарынокто ишин уланта бермекчи.
«Биздин стратегиябыз мындай: кандай болгон күндө да долбоор өз ишин уланта бериши керек. Айланабыздын бардыгы саясат болгондуктан саясий темаларга көңүл бурбай коё албайбыз. Балким, иликтөөлөр мурдагыдай көп кайра жарыяланбай, азыраак болуп калаттыр.
Жаңы баракчабызда да кайра ушундай кыла турган болсок бул акылсыздык болмок, анткени биз муну менен жасаган ишибиздин баркын кетирип койгон болобуз. Негизги аудиториябыз 25–45 жаштагылар – алар бизден маалымат алып турушат, аларга аналитика жагат. Менимече, бул өтө маанилүү. Аудитория чакан болгон күндө да аларда сапаттуу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү болушу биз үчүн маанилүү», – дейт Нуржамал.
Учурда редакция кыргыз аудиториясына кандай контент жага турганын аныктаганга аракет кылып жатат жана бул багытта алгачкы ийгиликтер бар.
«Кыргыз баракчасында элдин кызыгуусун жараткан роликке мисал катары паспорт тууралуу видеону айтсак болот – анда Кыргызстандын паспорту дүйнөдөгү эң кооз паспорттордун бири экени айтылат.
Ошондой эле майлуу тамак-аш тууралуу ролик.
Өзбекстанда жана Кыргызстанда улуттук тамак-ашта жашылча-жемиштер адатынча аз болот, ошондуктан биздин өлкөлөрдө жүрөк-кан тамыр жана ичеги-карын оорулары боюнча эң начар көрсөткүчтөр байкалат.
Бирок кыргыз баракчасындагы эң популярдуу ролик фермерлер тууралуу болду, алар болгону эки-үч баш кой бакканы менен алардын ар бирин өтө кымбат – $2 миңден $5 миңге чейин сатышат», – деп бөлүштү журналист айым.
Долбоордун үстүндөгү иш учурунда, сүрөттү Н. Джанибекова берген
Климаттын өзгөрүшү, кыргыз тилдүү мектептердеги маселелер тууралуу роликтер да элдин кызыгуусун жаратты.
Айрым популярдуу роликтер орус тилдүү баракчадан алынып, кыргызчаланган. Нуржамалдын айтымында, алар кыргыз тилдүү баракчада да көп көрүлдү.
«Ошондой болсо дагы кыргыз тилдүү аудиториянын кызыгуусу бир аз башкачараак: кыргызча ойлонуп сүйлөгөндөр айтылган сөздү башкача кабылдайт, алар үчүн башка темалар кызыктуу. Биз азыр кыргыз тилдүү баракчадан контентти алып, орус тилине которгонго аракет кылып жатабыз. Учурда байкоо жүргүзүүдөбүз, аудиторияга эмне көбүрөөк жагат, а эмнеге кызыгуу азыраак», – деп түшүндүрдү Нуржамал.
Журналисттердин баамында, кыргыз тилдүү Интернетте көңүл ачуучу контентке кызыгуу өтө чоң.
«2024-жылдагы YouTube'дагы эң популярдуу видеолорду карай турган болсок, алар негизинен кыргызча ырлар жана көңүл ачуучу клиптер. Баары бир көңүл ачуучу контент көптүк кылат, анан да иденттүүлүккө байланыштуу темалар. Мисалы, паспорт тууралуу ролик улуттук иденттүүлүктү мактагандыгы үчүн популярдуу болгон», – деп тактады Нуржамал.
«Башта» редакциясы кызыккан башка темаларга токтоло турган болсок, журналисттер билим берүү, экология, коомдук чөйрө, урбанистика жана IT темаларына көп кайрылышат. Социалдык темаларга да материалдарды даярдап турушат.
«Долбоордун кыргызчасында жарыяланган жана мага өзүмө баарынан көп жаккан материал – Орусияда жүргөн мигранттар тууралуу карточкалар.
Бирок карточкалар өтө аз көрүлдү. Балким, баракча жаңы эле ачылып жана да анын форматы видео эмес болгондуктан го, негизи карточкалар жана ушуга окшош материалдар көп кызыгууну жарата бербейт. Ошондой болсо да мен аларды мыкты деп эсептейм: анда үстүбүздөгү сентябрдан тарта Орусияда мигранттарды күтүп жаткан бардык чектөөлөр тууралуу маалыматтар камтылган. Менимче, бул өтө маанилүү тема», – деп түшүндүрдү Нуржамал.
Авторлордун өзүлөрүнө жаккан башка тема – Кыргызстандагы үйлөрдүн бузулушу тууралуу окуя: жолдорду кеңейтип, иретке келтирүү үчүн республиканын шаарларында имараттар массалык түрдө бузулуп жатат.
Бул тема өтө популярдуу болду. Журналисттер болуп жаткан окуялар тууралуу серептерди даярдашты.
Ошентип, Кыргызстандагы көз карандысыз журналистика кыйын кезеңди башынан кечирип жаткан учурда «Башта» иш алып баруунун жаңы багыттарын аныктаганга аракет кылып жатат. Алардын даярдаган видеолору айрым көрүүчүлөр үчүн улуттук иденттүүлүгү үчүн сыймыктанууга себепчи болуп жатса, башкалар үчүн – маселелер тууралуу маанилүү маалыматтын булагы болууда.
Ал эми редакция өзү муну менен айланабызда болуп жаткан окуялар тууралуу чынчыл жана түшүнүктүү маалыматты алгысы келген аудитория бар болсо каалаган заманда медиа долбоор жашап кете ала тургандыгын тастыктагысы келчүдөй.
Бул долбоордогу өз алдынча контент Европа Биримдиги каржылап Internews ишке ашырып келе жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоордун алкагында даярдалды.
Комментарии
Отправить комментарий