«Ойлон!» Эмне үчүн азыр Кыргызстанда сынчыл ой жүгүртүү мурдагыгадан да маанилүүрөөк
«Ойлон!» деген жаңы медиа демилге эскертет: сынчыл ой жүгүртүү – акыл эстүүлүктү сактап калуунун бирден-бир жолу.
«Новый репортёр» «Ойлон!» долбоорунун авторлору менен сүйлөшүп, кантип медиага кыйын кезеңде жаны медиа долбоорду ачып иштетсе болоорун билди.
«Биздин долбоор – ар бир адамдын кандай маалыматты алып жатканына көңүл бурууга чакырык», – деп түшүндүрдү долбоордун идеясын Махинур. Бул долбоорду ал пикирлештери менен биргеликте Европа Биримдиги каржылап, Internews ишке ашырып келе жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык демилгенин алкагында өткөн жылы ишке ашыра башташкан.
Махинурдун командасы Govori TV мультимедиалык маалыматтык агенттигинин директору Кайыргул Орозбай кызы менен «Ойлон!» долбоорунун алкагында кыска видеолорду – агартуучу маанайдагы эксплейнерлерди даярдап келишет.
Негизги максаты жана идеясы – аудиторияга таасир этүүгө багытталган пропаганда менен көз жазгыруунун ыкмалары кандай иштей тургандыгын кыргыз тилинде жөнөкөй түшүндүрүп берүү.
Долбоордун Instagram жана YouTube баракчаларында троллдордун топтору социалдык тармактарда кандай иштей тургандыгы, фейк аккаунттар кантип түзүлөөрү, фото жана видеолор кандайча жасалаары, же үн фишинги эмне экендиги тууралуу бир нече материал жарыяланган.
«Биз көрүүчүлөрүбүздү, өзгөчө социалдык тармактардагы колдонуучуларыбызды баарын чындык катары кабылдап контент менен таанышардын алдында ойлонууга үндөгүбүз келет. Жалпысынан биз ар кайсы платформаларга ылайыкташтырыла турган 23 контентти жаратууну пландап жатабыз.
Govori TV мультимедиалык каналынын кесипкөй командасы менен бирге иштешип жатабыз. «Ойлон!» долбоору Интерньюстун колдоосу аяктагандан кийин дагы өз ишин улантып иштей берсе деп кыялданабыз», – дейт Махинур.
ЖИ пропаганданын колун узартуудабы?
Көрүүчүлөрдү адаштырышы мүмкүн түрдүү кубулуштар тууралуу видео баяндардан тышкары, «Ойлон!» командасы ошондой эле медиа сабаттуулук, сөз эркиндиги, пропаганда, жалган маалымат жана көз жазгыруунун ыкмалары жөнүндө подкасттарды даярдайт. Журналисттер студияга чакырган адистер тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен бөлүшүп турушат.
Мисалы, ушундай подкасттардын биринде иликтөөчү-журналист Адиль Турдугулов Кыргызстандын медиа талаасында учурда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын, эмне үчүн медиа аянтчалар жабылып жатканын жана мунун аркасында эмне жатаарын айтып берди.
Ал ошондой эле жалпы Борбордук Азиядагы кырдаалга талдоо жүргүзгөн.
«Мен Кыргызстандык ЖМКларда көп жылдан бери (20 жылдан ашык) иштеп келем, бай тажрыйбам бар жана медиасабаттуулукка байланыштуу темага такай кайрылып турам. 2022-жылдан баштап пропаганда, аны аныктоонун жолдору, анын курмандыгы болбоонун зарылдыгы, ал кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгү тууралуу айтып туруу өтө маанилүү болуп калды», – дейт Махинур.
Анын айтымында, Кыргызстанда азыркыга чейин орусиялык мамлекеттик телеканалдар көрсөтүлүп келет, айрым аймактарда аларга альтернатива жок жана адамдар чет элдик берүүлөрдү көрүүгө аргасыз.
«Акыркы жылдарда Кыргызстандын өзүндө мамлекеттик деңгээлде көз карандысыз ЖМКларды, бейөкмөт уюмдарды жамандоо, каралоо кампаниясы катуу жүрүп келди. Бардыгыбызды «батышчылдар», «бөтөн элдин баалуулуктарын таңуулагандар» деп атап келишти. Бул пропаганда да өз жемиштерин бере баштады», – деп түшүндүрдү журналист айым.
Ал Кыргызстанда көз карандысыз аз гана сандагы журналисттердин калганын жана алар өз ишинде көптөгөн кыйынчылыктарды: баштарынан кечирип жаткандарын кошумчалады: эл аралык каржылоонун азайышы (өзгөчө USAID'дин программалары жабылгандан кийин) жана бийлик тараптын кысымдын күчөшү.
Эркин журналистикага кысым көрсөтүүнүн дагы бир куралы, Махинурдун айтымында, ар кандай жаңы чектөөлөрдүн жана катаалдаштыруунун киргизилишин салттуу баалуулуктарды жана мамлекеттик коопсуздукту коргоо менен негиздөө. Бул ыкма Бардык Борбор Азиялык өлкөлөрдүн бардыгында жана да башка өлкөлөрдө колдонулуп келет. Алар мындай жүйөө келтиришет: журналисттердин же бейөкмөт уюмдардын өкмөттү сындаганы – бул алардын “коомдун пайдубалын бузуп”, “улуттук кызыкчылыктарга каршы иштеп жаткандыгы”. Натыйжада кандай гана пикир келишпестик болбосун ал сөз эркиндигинин көрүнүшү катары эмес, маданиятка, үй-бүлөгө, мамлекеттүүлүккө коркунуч катары көрсөтүлөт.
Бул көз карандысыз маалымат каражаттарын жана сынчыл көз караштардагыларды коомго жат жана коркунучтуу көрүнүш катары көрсөтүп, алардын ишин мыйзамсыз деп баалоого мүмкүндүк берет.
Бирок да көз карандысыз журналистика үчүн эң олуттуу коркунучту нейрон тармактары жаратууда. Бүткүл дүйнөдө жасалма интеллект жалган маалыматтардын жайылышы коркунучун күчөттү, Кыргызстан да четте калган жок.
Учурда жалган тексттерди, сүрөттөрдү, аудиону жана видеону жаратуу көп каражатты, терең билимди талап кылбайт. Бул технологиялардын мамлекеттик, жеке менчик түзүмдөрдөн сырткары бардык адамдарга жеткиликтүүлүгүнө алып келди. Мындай аспаптар чындыкка окшош, ынанымдуу контентти жаратууга, адамдын үнүн, жүзүн окшоштурууга, жалган документтерди жасоого жана муну менен коомдун пикирге таасир этүүнү күчөтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жаралган негизги тобокелдиктер – ЖМКларга жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин бузулушу, саясий жана социалдык жааташуунун күчөшү жана башка дагы көптөгөн маселелер.
«Мына ушундай татаал шарттарды аудиториянын сынчыл ой жүгүртүү көндүмүн жакшыртыш үчүн (тобокелдикке барып) долбоорубузду ишке ашыра баштадык. Ооба, кээде баарына кол шилтеп салгың келет, бирок бизде ишибиз менен бул маселелер менен колубуздан келишинче күрөшүп жатабыз, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган агартуучу мультимедиалык контентти жаратып жатабыз деген ишеним бар.
Алар менен таанышкан аудитория көз жазгырууну аныктап, маалыматтын чын-төгүнүн текшере алат», - дейт журналист.
«Ойлон!» долбоору Европа Биримдиги каржылап Internews ишке ашырып келе жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык демилгенин алкагында ачылган.
Комментарии
Отправить комментарий