Дезмаалыматка каршы рилстер: Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда чындыкты фейктен айырмалоого кантип үйрөтүшүүдө
Сүрөт ChatGPT менен жасалган
Жалган маалыматтар менен күрөшүү боюнча Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы медиакампаниялардын авторлору маалыматтык кампанияларга белгилүү адамдарды кантип тартса болорун, ири эл аралык уюмдар менен кантип байланыш түзсө болорун, миллиондогон көрүүлөргө кантип жетсе болорун айтып беришти.
Европа Биримдиги каржылап Internews ишке ашырып келе жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоордун алкагында ишке ашырылган демилгелердин жыйынтыгы боюнча атайын вебинарда кампаниялардын жетекечилери долбоорлору тууралуу кенен айтып беришти.
«Новый репортёр» спикерлердин айткандарын сунуштайт.
Казакстан: «Кимиңер ыкчамырааксыңар – силерби же фейкби?»
Тимур Бекманбетовдун Маданий демилгелер фонду Казакстанда санариптик айдыңдагы калптын бетин ачып, дезмаалымат менен күрөшүп, медиасабаттуулукту жогорулатууга багытталган «Фактчекер» деген маалыматтык кампанияны ишке ашырып келет. Бул долбоор онлайн- жана офлайн-активдүүлүктү караштырат, мисалы, интерактивдүү тренажёрду – анын колдонуучулары тапшырмаларды аткаруу аркылуу фейкти аныктаганды үйрөнүп, маалыматтык туруктуулугун жогорулата алышат.
«Бизде көптөгөн адамдар шылуундардын тузактарына түшүп, акчаларынан куржалак калышууда. 2024-жылы Казакстанда эле шылуундардын аракеттери 45,5 млрд теңге ($96,5 милииондон көбүрөөк) чыгымга алып келип, 22 миңден ашык шылуундук аракет катталган. Анын себеби адамдардын көбү чындыкты фейктен айырмалаганды билбегендигинде жатат», – деп түшүндүрөт долбоордун координатору Ержан Габдуллин.
Тренажёрдо банктык билдирүүлөрдөн тарта жалган вакансиялардын жарнамаларына чейинки жашоодо кезиккен мисалдарга негизделген сценарийлер келтирилет. Колдонуучулар кайсы бир аракетти тандап, ал боюнча түшүндөрмөлөрдү алышат. Бат акча табуу, жалган вакансиялар, фотофейктер, медициналык дезмаалыматтар жана каржы пирамидалары боюнча бөлүктөр каралган. Ошондой эле колдонуучулар пикирди чындыктан айырмалоо жөндөмдөрүн текшере алышат.
Маалыматтык кампаниянын башка бөлүгү билим берүү менен түзмө түз байланышта болгон.
«Маалымат булактарын кантип чыпкалаш керек, каржы пирамидалары кантип иштейт, медициналык фейктер кандай болот деген темалар боюнча биз адистер менен бир катар вебинарларды өткөрдүк. Медициналык вебинарга 300 адам катталып, 150 киши катышкан. Атайын даярдалган колдонмо-эскертмелерди бейтаптардын арасында таратканга дарыгерлерге бергенбиз», – дейт Габдуллин.
Бир вебинарда дарыгерлер өзүлөрү фейктерди таркатышы мүмкүн экендиги аныкталды. Ага жооп катары команда колдонмо иштеп чыгып, аны дарыгерлер арасында тараттык. Кампаниянын авторлору Алматыдагы ТУМАР лабораториясы менен биргеликте акция уюштурушту: тренажёрдон өткөндөр жеңилдиктерди ала алышты, бул колдонуучулардын санынын өсүшүнө таасирин тийгизди.
Долбоордун алкагында Астанада жана Алматыда студенттер үчүн, анын ичинде келечектеги журналисттер үчүн, офлайн-лекциялар уюштурулду. «Биз журналисттер маалыматтарды кантип чыпкалап аны элге туура жеткириши керектиги тууралуу айтып бердик», – деп белгилейт Габдуллин.
Астанада июнда өткөн Еврофест долбоордун иши тууралуу сөз болгон дагы бир иш-чара болду. Анда долбоордун командасы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) өкүлдөрү менен таанышып, кийин ал таанышуу кызматташууга алып келди. БДСУ кампаниянын авторлорун коомдо динге байланыштырылган жалган медициналык маалыматты талкуулоого чакырды. Бул, биринчи кезекте, исламда тыюу салынган имиш эмдөөгө байланыштуу маселе болчу. Бул талкуу БДСУнун «Иммундук патруль» демилгесинин алкагында уюштурулган. Талкуу учурунда муфтияттын өкүлдөрү ислам дини заманбап медицинага каршы эместигин жана эмдөөгө тыюу салбай тургандыгын кеңири түшүндүрүп айтып беришти. Долбоордун командасы мындан ары да медициналык темаларга кайрылып турарын билдирет.
Андан сырткары долбоордун алкагында Казакстанда популярдуу актёр Аңсат Ділдәбайдын катышуусунда screenlife жанрындагы чакан-сериал тартылды. Башкы каарман карыз, иш издөө сыяктуу көйгөйлөргө тушугуп, шылуундардын курмандыгы болуп калат. Сериядан серияга тобокелдиктерден сактанууну үйрөнө баштайт, ал эми финалында насаат болучу тыянак чыгарылат.
«Internews'тун колдоосу болбосо балким бул сериал тартылмак эмес – алар бизди Аңсат менен иштешкен Steppe'ке тааныштырды, ошентип биз Аңсатка чыктык. Аңсаттын калыс аудиториясы бар, ал өзү да долбоорду колдоодон сырткары, ага активдүү катышып, биздин идеяларды жайылтып келет», – дейт команданын мүчөсү Алтынай Бакбаева.
Кыргызстан: «Текшердим»
Жамааттык медиалар ассоциациясы 2024-жылы өзгөчө айыл жерлеринде медиасабаттуулукту жогорулатуу боюнча «Текшердим» деген маалыматтык кампанияны уюштурган. Долбоордун координатору Назира Жусупова билдиргендей, долбоордун алдындагы изилдөөнүн жүрүшүндө айыл жергесинде маалыматтка сынчыл көз караш дээрлик жок экендиги аныкталган. Эл дезмаалыматтын курмандыктары болгондугу тууралуу окуяларды айтып беришкен, акчаларынан кол жууп калган учурлар да болгон. Долбоордо кастык тил темасына да бир топ көңүл бурулду, өзгөчө шайлоо же массалык башаламандык учурлардагы кастык тилге. Кампаниянын негизи өлкөнүн 30 жеринде уюштурулган офлайн-викториналар болду. Алар санариптик шылуундук, кастык тил, фейктер ж.б.у.с. темаларга арналган болчу. Ар бир оюнга жети адамдан турган төрт команда катышкан, плюс көрүүчүлөр. Жалпысынан долбоор 900гө жакын адамды камтый алды.
Өнөктөштүккө тартылган 20 уюмдун символикалык түрдөгү белектери оюн учурунда тапшырылып турду. Бул формат өз натыйжалуулугун көрсөттү: уюштуруучулардын айтымында, катышуучулар оюн шартында көнүмүш тренингдерге караганда жаңы маалыматты жакшыраак кабылдап, сиңирип жатышты. Айрым айылдарда ушуга окшош оюндарды өз алдынча да өткөрүп турууну туура көрүштү.
Маалыматтык кампанияда контент өндүрүүгө да арналган өзүнчө бөлүк болду. Ага кыргыз тилиндеги Media Elec подкасты мисал боло алат. Ал дагы медиасабаттуулукка арналып, ар бир чыгарылышта (бардыгы жети) авторлор жаңы теманы ачып берип жатышты. Ал темалар – дезмаалымат, пропаганда, басынтуу, коомдук тармактагы этика ж.б. Подкасттын коноктору катары депутаттар, инфлюенсерлер жана башка белгилүү адамдар чакырылып, алардын аянтчаларында контенттин жарыяланышы медиасабаттуулук темасына көбүрөөк адамдарды тартууга мүмкүнчүлүк түздү.
Визуалдык форматтар кампаниянын алкагындагы өзүнчө багыт болду. Долбоордун командасы «Акмат менен Ташматтын күндөлүктөрү» деген 7 бөлүктөн турган комикстердин сериясын тартышкан. Ар биринде фейктер, кастык тил, кибербуллинг, көз жазгыруу сыяктуу темалар тууралуу сөз кылынат. Ар бир бөлүктүн аягында кеңештер айтылып, негизги терминдер чечмеленип берилет. Комикстер мектептерде колдонуу сунуштары менен Билим берүү министрлигине тапшырылды.
«Башкача айтканда ар бир серияда, анын аягында биз терминдерди чечмелеп, кеңештерибизди беребиз. Комиксти окуган адам аягында эмне кылуу керек экенин биле алат. Башкы каармандары – бул кадимки эле кыргыз үй-бүлөсү, алардын жакындары, кошуналары, айылдаштары», – деп түшүндүрдү Назира.
Координатордун айтымында, мүмкүн болушунча көбүрөөк элди камтыш үчүн, аларга түшүнүүгө жеңил болушу үчүн долбоордун командасы комикс форматын тандап алган. Андан сырткары комиксти мектепте балдарды окутууда колдонуу үчүн Билим берүү министрлигине берүү каралган болчу.
«Кыргызстанда медиасабаттуулукка арналган атайын сабактар жок, бирок бул темалар бир нече башка предметтерде камтылат. Мугалимдер комикстердеги окуяларды балдар менен талкуулап, аларды өз сабактарында колдоно алышат. Бул өтө ыңгайлуу, анткени окуялар жаштарга байланыштуу окуялар, алар балдарга жакын», – деп түшүндүрдү Назира.
Ошондой эле кампаниянын алкагында MediaMap.KG деген интерактивдүү карта түзүлгөн болчу. Бул картага колдонуучулар өзүлөрү дезмаалыматка, шылуундукка, кастык тилге байланыштуу кейстерди жүктөй алышат. 115 кейстин 58и тастыкталды – MediaConsult'тын фактчекерлери алар боюнча өз комментарийлерин беришкен. Бул платформа долбоордун туруктуу куралы болуп калмакчы.
Команда Бишкек мамлекеттик университетте, Кыргыз Улуттук университетте жана «Манас» университетинде мастер-класстарды өткөрдү. Студенттер карта менен таанышып, өзүлөрүнүн кейстерин түзгөндү үйрөнүштү.
Андан сырткары өлкөбүздөгү мектептердин дээрлик жарымында иш алып барган мектептин дүйнө клубдары кампанияга кошулушту.
Алардын арасынан экөө – Ошто жана Таласта – медиасабаттуулук боюнча өзүлөрү даярдаган контентти Instagram'га жарыялап турушту.
Тажикстан: «Чындыкты гана айтабыз»
«Равзана» уюмунун жетекчиси Шаходат Сохибназарова маалыматтык кампания Тажикстанда сегиз ай жүргүзүлгөнүн, анын бир айы даярдыкка кеткенин айтып берди. Бардыгын жыйынтыктаганга дагы бир нече жума кеткен. Команда 26 фактчек жана 36 рилсти, ошондой эле маалыматтык карточкаларды, инфографикаларды, caption-видеолорду жана 80ден ашык постту даярдаган. Контент тажик жана орус тилдеринде болгон: 70% тажик тилинде, 30% – орус тилинде.
Сохибназарованын айтымында, долбоордун өзгөчөлүгү – фактчекинг Тажикстанда биринчи жолу видеконтент түрүндө берилгендигинде. Роликтерди жаратууга медиасабаттуулук боюнча тренингдерден өткөн жождун студенттери тартылган болчу. Олуттуу темага арналган материалдарды жандуу, кызыктуу жана кеңири аудиторияга түшүнүктүү кылуу максаты коюлган эле.
«Бул Интерньюс уюмундагы биздин координаторлордун демилгеси болчу, биз бул үчүн аларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мурда Factcheck.tj белгилүү бир аудитория үчүн олуттуу текст түрүндөгү макалаларды гана даярдап келчү. Кампания башталганда биз эми көбүрөөк адамдарды камтыганды, көрүүлөрдүн санын өстүрүүнү ойлонушубуз керек экенин түшүндүк. Так ошондо тажикче мыкты сүйлөгөн, өтө жигердүү жаш студенттер пайда болду, алардын видеолору эч кандай жарнамасыз эле 185-200 миң жолу көрүлүп жатты. Жаштар экрандан теңтуштарын көргүсү келет. Фактчекти биз мына ушинтип жаңыча бере баштадык», – деп түшүндүрдү Шаходат.
Команда мындай ийгиликти күткөн эмес. Ноябрдын соңунда алар TikTok'то баракчасын ачышкан. YouTube, Facebook жана Telegram'га да чыга башташты. Бирок эң таңгалтырганы Instagram болду: 2024-жылдын октябрында кампания жаңы башталганда аккаунтка жазылгандардын саны 600гө жакын болчу, ал эми долбоор аяктаганда бул көрсөткүч 3004тү түздү.
Сохибназарова кошумчалагандай, адистердин пикиринде Instagram'дын алгоритми алардын аккаунтун кадимки ЖМК катары кабылдаган, бул болсо көбүрөөк аудиториянын камтылышына, жазылгандардын санынын өсүшүнө алып келген.
«Мен азыр биз миллиондон аштык деп так айта алам. Биз эми миллиончуларбыз. Буга кантип кубанбай коёсуң. Контентибиздин көрүүлөрүнүн саны ушундай болорун эч күткөн эмеспиз», – дейт Сохибназарова.
Кампаниянын экинчи компоненти – бул тренингдер. Бардыгы болуп команда Тажикстандын ар башка жождорунда жана компанияларында 12 билим берүүчу программаларды өткөрдү. Биринчи багыт – университеттер: Кожент, Бохтар, Куляб мамлекеттик университеттер. Экинчи – ыктыярчылар менен жаштар чогулган билим берүү борборлору. Үчүнчү – жаш муундагылар, анын ичинде кампаниянын максаттуу аудиториясы – 21 жаштан 30 жашка чейинкилер иштеген бизнес-компаниялар.
Кампания учурунда Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен жакшы мамиле түзүлдү дейт Сохибназарова. Министрликте медиасабаттуулуктун маанилүүлүгүн жакшы түшүнүшөт. Бирок азырынча медиасабаттуулук үч гана университетте – Тажик-орус (Славян) университетинде, Кожент мамлекеттик жана Улуттук университеттерде гана окутулат, ал эми өлкөдө 40ка жакын жождор бар, б.а. жасала турган иш дагы көп. «Тренингдерди биздин мыкты кеңешчи адисибиз, медиасабаттуулук боюнча Тажикстандын визиттик карточкасы болуп саналган Рустам Гулов өткөрдү. Анын дезмаалымат, көз жазгыруу темалары, алар менен күрөшүү жолдору боюнча терең билими, окутууну алып баруусу, аудиторияга мамилеси – сый-урматка гана татыйт. Тренингдер өтө жогорку деңгээлде өтүп жатты. Биз тренингдин алдында жана андан кийин тестирлөө жүргүзүп жаттык, ошондо жыйынтыктардын айырмасы 25-35%га чейин жетип жатты. Мен муну мыкты көрсөткүч деп эсептейм», – дейт Шаходат.
Мурда factcheck.tj сайтына айына миңге жакын адам кирет эле, ал эми кампаниянын соңунда бул сандар кеминде үч эсе өстү дейт Шаходат. Интернет колдонуучулар командага тигил же бул маалыматты текшерип берүү, фактчекинг кылып берүү, университтерге же жамааттарга келип берүү өтүнүчтөрү менен активдүү кайрыла башташты. Сөзүнүн аягында Сохибназарова алардын командасы жети жылдан бери ишенимдүү маалыматты жайылтып келерин, алардын иши «Чындыкты гана айтабыз» деген ураан менен жүргүзүлөрүн билдирди. Бул ураан мындан ары да улантыла турган маалыматтык кампаниянын да расмий урааны болуп калды.
Медиакампаниялар Европа Биримдиги каржылап Internews ишке ашырып келе жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык демилгенин алкагында уюштурулган.
Презентацияларды толугу менен бул жерден көрсө болот.
Булак: https://newreporter.org
Комментарии
Отправить комментарий