Кыргызстандагы журналист айымдардын киберкуугунтукка дуушар болушу



Кыргызстанда аялдардын 60% жана Өзбекстанда 80% онлайн-куугунтукка дуушар болушат. Бул маалыматтар Search for Common Ground уюму SHE LEADS! долбоорунун алкагында Түштүк жана Борбор Азияда жүргүзгөн изилдөөдө келтирилет. 

Изилдөө коопсуз онлайн мейкиндигин түзүүгө жана аялдар менен кыздарды гендердик зомбулуктун алдын алган технологияларды колдонууга үндөөгө багытталган болчу.

Кыргызстандык журналист Тынымгүл Эшиева бул көйгөй тууралуу айтып берди.


Кыргызстанда эки изилдөө (12) жүргүзүлүп, экөө тең аялдарга карата онлайн-куугунтуктоонун дүйнөлүк тенденцияларды тастыктаган.


«Аялдарга жардам борбору» менен КР Акыйкатчысынын «Кыргызстандын интернет-мейкиндигинде аялдарга жана кыздарга карата онлайн-зомбулук жана кастык тили» изилдөөсүндө (2023) сурамжылангандардын 70 % коомдук тармактарда кастык тилге дуушар болгон. Санариптик зомбулуктун негизги формалары – троллинг, коркутуу жана шантаж, кастык маанайдагы пикирлер.


Активист айымдар менен саясатчы айымдарга өзгөчө катуу чабуул болгон учурлар коомдо улам көбүрөөк кездеше баштады.


Буга онлайн-зомбулукка каршы тийиштүү мыйзамдык чаралардын жоктугу да себепчи болууда. Ошондой эле онлайн-зомбулук менен күрөшө турган органдардын даяр эместиги байкалат. Дүйнө өнүгүп, технологияларды жана санариптик платформаларды колдонуу жолдорунун кеңейиши менен зомбулук кылуунун мейкиндиги да кеңейүүдө.


Технология менен шартталган гендердик зомбулук (TFGBV) – бир же бир нече адам тарабынан жынысына байланыштуу адамга каршы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды же санариптик медианы пайдалануу аркылуу жасалган, же алар менен коштолгон, же аларды колдонууда таасири күчөтүлгөн зомбулук актысы.

 

Журналист айымдар кесибине байланыштуу онлайн чабуулдарга дуушар болушат


ЮНЕСКО/ICFJ 2021-жылы жүргүзүшкөн The Chilling изилдөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан журналист айымдардын 73 % кесибине байланыштуу онлойн-зомбулукка дуушар болушканын билдирген. 


Изилдөө көрсөткөндөй, алардын болжолдуу ар бир бешинчиси (20 %) реалдуу жашоолорунда да мазактоолорго жана кол салууларга дуушар болушкан, алардын пикирлеринде, бул фактылар онлайн-куугунтуктоолор менен түз байланышта болгон.


«Акыркы үч жылда жеке мага жана мен жетектеген «ПолитКлиника» басылмасына каршы катуу онлайн-чабуулдар жасалып келди, – дейт басылманын редактору Дилбар Алимова. – Алардын бардыгы биздин кесиптик ишибизге байланыштуу: бизди каралоо кампаниялар, адатынча, биздин материалдар жарыялангандан кийин башталчу. Троллдор биз келтирген фактыларды төгүндөгөнгө жана аны менен кошо редакцияны жана жеке мени жаманатты кылганга умтулушчу. Мени жамандаган макалалар жарыяланып, менин жеке жашоомо чейин асылышты – менин жеке маалыматтарым таркатылып, батир сатып алды деген манипуляциялык билдирүүлөр жасалды. Троллдордун логикасы боюнча, журналисттердин батир сатып алууга укугу жок экен. 

Чабуулдун көбү фейк аккаунтардан жасалып жатты; ал эми колдоо реалдуу профилдерден болуп жатты, ошондуктан айрым учурларда мага карата жасалган чабуулдардын жыйынтыгы тескери болуп жатты. Ал учурда мен оор кезеңди башыман кечирип жаткам, кош бойлуу кезимде ооруканага жаткырылгам – Кудайга шүгүр, балам аман-эсен төрөлдү. Бирок бул окуялардын кесепети дагы эле байкалат: карапайым адамдар болуп өткөн окуяларды бурмаланган түрдө кабылдашат».



Дилбар Алимова


Алимованын айтымында, онлайн-чабуулдар алардын ишине таасир тийгизбей койбойт: алаксытат, көңүл чөгөт, ишке дит коё албай каласың – чабуулга жооп берип, актанып жатып көпкө чейин иликтөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес. Коом көп учурда маалыматты сынчыл көз караш менен кабылдаганды билбейт жана жалган имиштерге ишене берет; билимдүү жана сынчыл көз караштагы адамдар гана ушуга окшош чабуулдарга ишенишпейт.

Дүйнөдөгү журналист айымдардын ар бир үчүнчүсү коомдук тармактарда аларга карата куугунтук болгондо өзүн-өзү чектей башташкан.

«Учурда көптөгөн ЖМКлар жана журналисттер өзүлөрүн-өзү чектеп калышты. Мага убактылуу релокация жана психологиялык колдоо жардам берди. Кысымга жана коркутууларга карабай, көптөгөн журналист ишин улантып жатат. Бул чоң эркти жана кайратты талап кылат», – дейт Медиа Аракеттер Платформасынын жетекчиси Гладис Темирчиева.



Гладис Темирчева


Бул мисалдар олуттуу кысымга карабастан, журналист айымдар өз ишин кайратту улантып жатканын көрсөтөт.

ЮНЕСКО/ICFJ уюмдарынын The Chilling изилдөөсүнө (2021) ылайык, сурамжылоого катышкан аялдардын 13 % интернет-зомбулукка байланыштуу жеке коопсуздугуна кам көрүшкөн; 4 % интернеттеги коркутуулар реалдуу жашоодо да кол салууга алып келиши мүмкүн деп чочулап жумушка барбай коюшкан.

Айрымдар онлайн-чабуулдарга байланыштуу жеке коопсуздугун ойлоп жашаган жерлерин да алмаштырышкан.

Кээ бир журналист айымдар онлайн-зомбулуктун айынан посттравматикалык стресске дуушар болушкан, алардын көбү буга байланыштуу дарылануудан өтүшкөн. Сурамжылангандардын 26 % онлайн-чабуулдар алардын психикалык ден соолугуна таасир эткенин билдиришсе, 12 % медициналык же психикалык жардам сурап кайрылышкан.



Психолог Тынчтык Бакытов аялдарга карата интернет-зомбулук тууралуу айтып жатып, алардын аялуулугун белгилейт. Бул алардын сырткы келбетине, энелигине, жеке жашоосуна байланыштуу сексуалдык коркутуулар жана кастык тили болушу мүмкүн. 

Психологдун кеңештери жана онлайн-зомбулуктун өзгөчөлүктөрү (шилтеме)

 

Эмне кылуу керек?


Коркутууларды жана онлайн-чабуулдарды далил катары документтештирип сактап калуу өтө маанилүү. Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), Online Harassment Field Manual же Digital First Aid Kit сыяктуу эл аралык уюмдардын кеңештерин колдонуу керек, аларда ушактоо, аккаунттарды бузуп кирүү же коркутуу болгон учурларда эмне кылуу керек боюнча деталдаштырылган нускамалар иштелип чыккан. 

•               Санариптик коопсуздук: сыр-сөздөрдү мезгил-мезгили менен жаңылап туруу, эки факторлуу аутентификацияны колдонуу, маалыматтардын көчүрмөлөрүн жасап туруу.

•               Юридикалык чаралар: ушактоого жана коркутууга байланыштуу юристтер менен кеңешип туруу, онлайн-зомбулуктун бардык учурларын же расмий арызданууларды нотариуста күбөлөндүрүп документтештирүү.

•               Психологиялык колдоо: психологдорго же кризистик борборлорго кайрылуу. Эл аралык фонддор жана уюмдар көп учурда акысыз сессияларды сунушташат.

•               Тилектештик жана колдоо: журналист айымдардын бир-бирине колдоо көрсөтүү тармагын түзүү, кол салуулар болгондо жамааттык билдирүүлөрдү жасоо, мындай учурларды коомго алып чыгуу – бул адамдын жалгыз эместигин көрсөтөт жана коргоо деңгээлин жогорулатат.

•               Убактылуу тыныгуу же релокация: эгерде кысым өтө эле күчөп кетсе, интернетти убактылуу колдонбоо же коопсуз башка жерге убактылуу кетүү адамдын өзүнө келишине жардам берет.

Онлайн-зомбулукту «кесиптеги кадыресе көрүнүш» катары кабылдоого болбойт. Бул сөз эркиндигине жана жеке коопсуздукка чабуул болуп эсептелет. Эстен чыгарбаш керек: журналист айымдардын санариптик жана психологиялык жактан коргоого укуктары бар. Институционалдык колдоо жана жеке өзүн-өзү коргоо инструменттеринин айкалышы гана бизге туруктуулукту сактоого жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын үнү бойдон калууга мүмкүндүк берет.


Автор: Тынымгүл Эшиева

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Грантовый конкурс среди производителей контента 

Открыт набор участников и тренеров на Innovation Camp!

Гранты для межстрановых команд от CARAVAN: конкурс продлен до 20 ноября