2026-жылга карата журналистика, медиа жана технология жаатындагы тенденциялар жана божомолдор



Блогер жана жаңылыктардагы инфлюенсер
(Vitus "V" Spehar) Витус Спехар миллиондогон жазылуучулары үчүн видеолорду тартып келет. REUTERS/Magali Druscovich

Жасалма интеллект салттуу журналистиканы кандайча өзгөртүп жатканы жана 2026-жылы аудитория тарабынан кандай контентке суроо-талап болору боюнча Рейтер институту тарабынан жүргүзүлгөн жылдык изилдөөнүн кыскача баяндамасын сунуштайбыз.

 

V. Spehar – америкалык журналист, социалдык медиа контенттин (айрыкча TikTok’то) жаратуучусу жана UnderTheDeskNews жаңылыктар каналынын алып баруучусу, ал өзүнүн жаңылыктарды чагылдыруунун өзгөчө стили менен белгилүү, көбүнчө терең, олуттуу талдоону юмор, тамаша жана жеке пикири менен айкалыштырган «стол үстүндөгү подкаст» форматында иш алып барат. Ал ошондой эле жалпы аудитория үчүн учурдагы окуяларды чагылдырган подкасттарды жана YouTube шоуларын алып барат, татаал темаларды жөнөкөй тил менен түшүндүрүүгө басым жасайт.

 

Автору Nic Newman.

 

Дүйнө азыр кезектеги ири технологиялык өзгөрүүнүн (генеративдик ЖИ) босогосунда турат, ал маалымат алуунун жана чогултуунун натыйжалуу жолдорун сунуштоо менен жаңылыктар индустриясын түп-тамырынан бери өзгөртөт.

 

Ошол эле учурда контент жаратуучулар жана инфлюенсерлер (блогерлер) жеке жаңылыктарын даярдап, жайылтып, ушунусу менен алар салттуу медиаинституттарга катуу сокку урушууда, акыркылар көп учурда анчалык маанилүү эмес, кызыктуу эмес жана анык эместей сезилет. 2026-жылы ЖМКлар берки эки чоң күчтүн мындан да катуу соккусуна дуушар болушу мүмкүн.

 

Бул жылы медиа-жетекчилерди эң катуу түйшөлткөн маселе бул тенденциялардын таасирин аныктоо жана аларга каршы туруу болот.

 

Көптөгөн олуттуу маселелер бар.

 

ЖМКлардын таасиринин жана аларга ишенимдин азайышы көптөгөн саясатчылардын, ишкерлердин жана атактуу адамдардын ЖМКларга кайрылбай эле, дайыма жылуу маанайда тосуп алуучу подкастерлер менен ютуберлерге кайрылып, интервью берсе болот экен деген ойго барышына түрткү болууда.

 

Trump 2.0 деген сценарий – азыр аны дүйнөдө бардыгы туурап, колдоно башташты – көптөгөн учурда медиаларды сотко берүү коркутуулары, аларга ишенимди азайтуу аракеттери жана көз карандысыз ЖМКларды жана айрым журналисттерди “фейктер” деп күнөөлөө менен коштолууда.

 

Ушуга окшош нарративдерди (окуялар тууралуу жасалма баяндардын сериясы) аудитория жакшы кабыл алууда, өзгөчө жаштар, анткени алар жаңылыктар менен санариптик платформалар аркылуу таанышууга ыкташат жана да салттуу жаңылык каражаттарын жакшы биле беришпейт.

 

Ошол эле кезде издөө кызматтары суроолорго ЖИнин жардамы менен даярдалган жоопторду чат түрүндө берүү системасына айланып баратат. Бул гезиттердин, онлайн-басылмалардын жана телерадиоканалдардын сайттарына кирген адамдардын саны азайып, аталган медиалардын бизнес-моделине каттуу сокку урушу мүмкүн деген чочулоону жаратат.

 

Бул кыйынчылыктарга карабай, көптөгөн салттуу жаңылык уюмдары бизнесинин келечеги тууралуу көп сарсанаа болушпай эле. Ал эми журналистиканын өзү тууралуу мындай айта албайсын.

 

Быйыл басылмалар уникалдуу контентке жана адам адамга жазат деген нерсеге өзгөчө көңүл буруу менен ЖИнин дооруна ыңгайлашкан бизнести курууга басым кылышат.

 

Алар ошондой эле салттуу тексттик макаладан тышкары, ар кандай форматтарга, айрыкча видеого көбүрөөк инвестиция салып, контентти «өтүмдүүлүгү жогору», б.а. башка форматка которууга жана жекелештирүүгө жеңил болгондой кылууга умтулушат.

 

Аны менен бирге алар жаңылыктарды чогултуу, даярдоо жана таркатуу үчүн генеративдик ЖИни натыйжалуу колдонуунун жолдорун иштеп чыгууну улантышат.

 

Медиа жетекчилер жаңы жылдан эмненин күтүшөт

 

Бул жерде 51 өлкөнүн жана аймактын 280 санариптик медианын жетекчилеринин жоопторунан түзүлгөн медиа сурамжылоонун негизги жыйынтыктары келтирилген:

 

- Редакторлордун, башкы директорлордун жана санариптик лидерлердин 38% гана 2026-жылы журналистиканын келечегине ишенишет — бул төрт жыл мурункуга караганда 22 пунктка төмөн.

 

Чочулоолор журналистикага саясий өңүттөгү чабуулдарга, мурда дүйнө жүзүнүн көп жериндеги көз карандысыз медиаларга олуттуу колдоо болгон USAID’дин каржылоосунун токтотулушуна, көптөгөн жаңылык сайттарына кирип окуган адамдардын санынын кыскарышына байланыштуу.

 

- Салыштыруу иретинде, жарымына жакыны (53%) бизнесинин келечигине ишенишет, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө жакын. Жазылган катталуучулары көп, сайтына түз киргендердин саны туруктуу чоң деңгээлде болгон премиалдуу басылмалар эртеби-кечпи киреше көрө тургандарына көздөрү жетет. Ал эми жарнамага жана басылманын нускасына көз каранды медиалар кирешелери кескин азайып, ЖИнин негизиндеги жаңылыкты издөөлөр алардын каржылык абалына терс таасир тийгизеринен чочулашат.

 

- ЖМКлар жакынкы үч жыл аралыгында издөө кызматтары аркылуу трафик (Google ж.б. аркылуу издеп сайтка киргендер) 40%дан ашык кыскарышы мүмкүн деп күтүшүүдө – бул таптакыр эле «Google Zero» эмес дечи, бирок баары бир олуттуу көрсөткүч. Изилдөөдө колдонулган Chartbeat провайдеринин маалыматтары боюнча, Google издөө кызматынан жүз жаңылык сайттарына трафик азыртадан эле азая баштаган. Google’дагы ЖИ-серептердин терс таасири жашоонун стили тууралуу жазган сайттарда өзгөчө байкалган. Бул рефералдык трафиктин (коомдук тармактардан сайтка өтүүлөрдүн) көлөмү олутту азайгандан кийин болгон: акыркы үч жылда Facebook’тан (-43%) жана мурдагы Twitter, азыркы X тармагынан (-46%).

 

- Ушуга байланыштуу редакторлор оригиналдуу иликтөөлөргө жана жеринен даярдалган репортаждарга («көбүрөөк» жана «азыраак» дегендердин ортосундагы айырма +91 процентти түзөт), контекстуалдык талдоолорго жана болуп жаткан окуяларды түшүндүрүп, чечмелеп берүүгө (+82%) жана адамдарга байланыштуу окуяларга (+72%) басым кылуу керек деп эсептешет.

 

Ошол эле убакытта алар сервистик (пайдалуу маалыматтар менен бөлүшкөн) журналистиканын (-42%), маанилүүлүгүн көпкө жоготпогон контенттин (-32%) жана жалпы жаңылыктардын (-38%) көлөмүн азайтууну көздөшөт. Алардын пикирлеринде, аталган нерселерди адамдарга ЖИ-чаттар сунуштай алышат. Ошону менен катар алар видеону жаратууга – анын ичинде «көрүү үчүн баракчага» - көбүрөөк салым кылуу (+79%), аудиоформаттагы контентти көбүрөөк даярдоо (+71%), мисалы, подкасттарды, жана тексттик материалдарды азырак чыгаруу зарыл дешет.

 

- YouTube басылмалар үчүн алдыңкы орунда болот, быйыл ушундай пикирде кармангандардын рейтинги +74% болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору. TikTok (+56%) жана Instagram (+41%) сыяктуу башка видеоплатформалар дагы маанилүү деп эсептелет. ChatGPT (OpenAI), Gemini (Google) жана Perplexity сыяктуу AI-платформалар (+61%) аркылуу дистрибуцияны башкаруу жолдорун издөө да маанилүү багыттардан болмокчу.

 

Ошол эле кезде редакциялар эски замандын эпкини деп эсептелген Google SEO’го (-25%) жана салтуу деп эсептелген Facebook (-23%) жана X (-52%) коомдук тармактарына азыраак көңүл бура башташмакчы.

 

- Былтыр ЖИ-агенттердин пайда болорун алдын ала айткан болчубуз, эми быйыл бул алдыңкы технологиялар таасирин күчөтөрүн божомолдоп турабыз. Айрымдар жакында сайттардын материалдарын окуган адамдарга караганда боттор көбүрөөк болот деген пикирди карманышат, анткени OpenAI’дын Huxe жана Pulse деген аспаптары жекелештирилген пресс-брифингдерди чоң көлөмдө сунуштай алышат.

 

Респонденттердин 75% «ЖИ-аспаптар» жакынкы келечекте жаңылык индустриясына «чоң» же «өтө чоң» таасир этет деген пикирде.

 

- Жаңылык онлайн-басылмалардын жетекчилери ЖИ сайтка киргендердин санын азайтканын белгилөө менен бирге, чат-боттордун ичиндеги контентти лицензиялоодон (же жарнамалык кирешелердин бөлүгүнөн) жаңы киреше булагын тапса болорун айтышат.

 

Жалпысынан алганда, жазылуу жана абонемент басылмалар үчүн эң чоң киреше булактары бойдон калууда (76%), ал эми дисплейдик жарнама (68%) жана нативдик жарнама (64%) андан кийинки орундарда турат. Онлайн жана оффлайн иш-чаралар да (54%) кирешени дифферсификация стратегиясында барган сайын маанилүү орунду ээлеп баратат.

 

АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү ЖМКларга колдоо көрсөтүүнүн бюджети катуу кыскарган 2025-жылы кайрымдуулук жана гранттык колдоого көз карандылык азайган (18%).

 

- Аны менен бирге бардык категорияларда жаңылык уюмдарынын ЖИ-технологияларды колдонуусу өсүп жатат. Респонденттердин дээрлик бардыгы (97%) сайтка катталуу жана жазылуу, кирүү процесстерин автоматташтыруу «маанилүү» деп эсептешет, алардын көбү өткөн жылы өзүлөрүнүн контент башкаруу системаларына жаңы пилоттук системаларды киргизе башташкан.

 

Жаңылыктарды чогултуу иши өзүнүн маанилүүлүгү боюнча экинчи орунда турат (82%). Тез программалоо жана продуктту иштеп чыгуу дагы популярдуу болуп баратат (81%).

 

- Он респонденттин төртөөсү (44%) алардын редакциялардагы ЖИге байланыштуу демилгелери «көптү үмүттөндүргөн» жыйынтыктарды берип жатканын белгилешти, бирок да алардын болжолдуу ушунчасы (42%) жыйынтыктар «анчалык эмес» деп билдиришкен. Сурамжылангандардын үчтөн экиси (67%) ЖИнин натыйжалуулугуна байланыштуу жумуш орундарын сактай албагандарын айтышат. 16% кызматкерлердин саны бир аз кыскарганын билдирсе, ондон бири (9%) кошумча кызмат орундар ачылып, чыгымдар көбөйгөнүн белгиледи.

 

- Жаңылык жаратуучулардын жана инфлюенсерлердин көбөйүшү басылма ээлерин эки себептен тынчсыздандырууда. Респонденттердин үчтөн экиси (70%) блогерлер жана санариптик контенттин авторлору аудиторияны салттуу ЖМКлардан тартып алууда деген пикирде. Ондон төртөөсү ишин жакшыраак көзөмөлдөгөнгө жана көбүрөөк каражат тапканга мүмкүнчүлүк берген жаратмандардын экосистемасы мыкты редакторлорду ЖМКлардан азгырып кетиши мүмкүн деп чочулайт. 

 

- Атаандаштыктын өскөнүнө жана аудиториянын ишеними инфлюенсерлер тарапка оой баштаганына жооп катары медиа жетекчилердин төрттөн үчү (76%) бул жылы өзүнүн кызматкерлерине блогерлерге көбүрөөк окшош болгула деген талаптарды койгонго аракет кыла тургандарын билдиришти.

 

Жарымы (50%) контентти жайылтууда жаратмандар менен кызматташа турганын билдирсе, үчтөн бири (31%) блогерлерди жалдай турганын айтышты, мисалы, коомдук тармактардагы аккаунттарды алып барыш үчүн. 28% чыгармачыл студияларды ачып, кызматташып иштөөнү пландап жаткандарын белгилешти.

 

Жалпысынан алганда, инвесторлор салган триллиондогон акчалар өзүн актайбы деген чочулоолор айтылып жаткан учурда 2026-жыл ЖИ менен иштеген компаниялардын акцияларынын наркы кескин түшүп кеткен жылдан болбойбу? Ошол эле кезде ЖИнин жардамы менен автоматташтырылган түрдө жаратылган сапатсыз контенттин, анын ичинде pink slime сайттардын (чыныгы медиага окшошууга аракеттенген жалган жаңылыктардын сайттары) саны кескин өсүп, платформаларга чыныгы жаңылыкты жасалма жаңылыктан айырмалоо өтө оор болуп калат.

 

Ири технологиялык компаниялардын жашообузга тийгизген таасирине байланыштуу коомдо чоң тынчсызданууларды күтсөк болот. Бул «Аппстиненциянын» (смарфтонду колдонбоо тууралуу аң-сезимдүү чечим) айрым фактылары, санариптик детоксикациянын башка түрлөрү жана чыныгы жашоодо адамдар менен көбүрөк баарлашууга умтулуу түрүндө болушу ыктымал.

 

Өкмөттөргө, ал эмес АКШда да, жаштарды жана башка аялуу топторду интернетте коргоо боюнча чараларды көрүү талаптары коюлушу мүмкүн.

 

Видеоплатформалардын жана стримерлердин инвестицияларына жараша контент жаратуучулардын (блогерлердин жана авторлордун) экономикасы өсүштө болот. 


Жаратмандардын топ-сегменттериндегилер чоң бюджеттери жана жеке студиялары бар Голливуд магнаттарына окшош болушат. 


Жаңылык чөйрөсүндө да жаратмандар башкарган, көп кирешелүү, аудиториянын баалуулуктарын калыптандырган жана ага чоң таасир эткен, салттуу журналистика менен атаандашкан ири жана туруктуу компаниялардын пайда болушу күтүлөт.

 

Англис тилиндеги түп нуска.


 

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Гранты для межстрановых команд от CARAVAN: конкурс продлен до 20 ноября

Грантовый конкурс среди производителей контента 

Конкурс проектов: цифровые решения для уязвимых социальных групп в Центральной Азии