Сообщения

Сообщения за октябрь, 2025

Innovation Camp. Жаңы шарттарда медиалар кантип жашап кете алат. 3-күн

Изображение
Борбор Азиялык медиакэмптин акыркы күнү сөз эркиндигине кысым күчөгөн шарттарда этиканы сактоо, медиалардын жашап кетүүсү маселелерине жана креативдүү контентти жаратуу мүмкүнчүлүктөрүнө арналды. Innovation Camp'тин Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан катышуучулар үч күн журналисттик ишмердүүлүккө, этикага, медиа сабаттуулукка, дезмаалыматка каршы турууга жана аудиторияга ишенимдүү, объективдүү маалыматты креативдүү заманбап ыкмада жеткирүүгө байланыштуу орчундуу кесиптик темаларды талкуулашты. Маалыматтык башаламандык шартында этика тууралуу Медиа адис Лилия Гайсина маалыматтык башаламандык өкүм сүргөн жаңы шартта журналисттик этика жана медианын андан ары жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө кызуу талкуу уюштурду.   Лилия Гайсина көйгөйлүү маселе – журналисттик этика жөнүндө сөз кылууда. Акыркы жылдары журналисттер жана контент жаратуучулар болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болушту: пандемия, аймактык жана глобалдык чыр-чатактар жана согушт...

Innovation Camp: Борбор Азиянын медиалары ЖИни колдонгонду үйрөнүп жатышат, 2-күн

Изображение
Алматыда өтүп жаткан борбор азиялык Innovation Camp'тин катышуучулары контенттин сапатын жакшыртуу үчүн жасалма интеллектти жана онлайн аспаптарды колдонуунун эң мыкты тажрыйбаларын активдүү үйрөнүп жатышат. 2-күн. Дезмаалыматка каршы туруу жөнүндө Кэмптин 2-күнүнүн башында редактор жана медиа эксперт Лилия Гайсина гендердик дезмаалымат жана кастык тил деген эмне экенин чечмелеп, алар Борбор Азия медиаларында кандайча байкалары, аялдарга карата стереотиптер медиада кандайча колдонулары жана социалдык медиада терс комментарийлерди эмне жаратары жөнүндө айтып берди. Лилия Гайсина гендердик дезмаалымат жөнүндө айтып берүүдө. Ал өзүнүн журналисттик тажрыйбасынан мисалдарды келтирип, гендердик дезмаалымат кантип жаралаарын жана аны дүйнө жүзүндө пропагандачылар айрыкча аял саясатчыларга карата кантип колдонорун көрсөтүп берди. Кастык тилди ЖМКлардын атайылап кемсинтүү, шылдыңдоо жана ал тургай айыптоо ыкмаларын колдонгондорунан билсе болот. Мындайда медиа адатынча «салттуу маданий баалу...

Алматыда Борбор Азиялык Innovation Camp башталды

Изображение
Марат Садыков, модератор. Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыз журналисттери, блоггерлери жана контент жаратуучулары шаршемби күнү Алматыда үч күндүк кэмпке чогулушту. Ал кызматташуу, эксперимент жүргүзүү жана өнүктүрүү үчүн аянтча болмокчу.   Үч күндүн ичинде катышуучулар жасалма интеллектти кантип натыйжалуу колдонсо болорун, окуяны баяндоону жакшыртуу үчүн кайсы жаңы технологиялар менен алгоритмдер эң актуалдуу экенин үйрөнүшөт. Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген кэмптин катышуучулары. Журналисттер жана редакторлор практикалык мисалдардын негизинде өздөрүнүн редакцияларында туруктуу, натыйжалуу жана чыгармачыл иш жүргүзүү үчүн эң мыкты куралдарды өздөштүрүшөт. CARAVAN долбоорунун директору Вадим Садоншоев иш-чараны ачып жатып, бул бүткүл Борбор Азия үчүн абдан маанилүү долбоор экенин, ал ишенимдүү окуялар аркылуу аймактын аудиториясын өнүктүрүүнү максат кыларын эскертти. Вадим Садоншоев, долбоордун директору. CARAVAN медиа сабаттуулукту жайылтканга жардам берип, ар кандай мед...