Innovation Camp. Жаңы шарттарда медиалар кантип жашап кете алат. 3-күн



Борбор Азиялык медиакэмптин акыркы күнү сөз эркиндигине кысым күчөгөн шарттарда этиканы сактоо, медиалардын жашап кетүүсү маселелерине жана креативдүү контентти жаратуу мүмкүнчүлүктөрүнө арналды.

Innovation Camp'тин Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан катышуучулар үч күн журналисттик ишмердүүлүккө, этикага, медиа сабаттуулукка, дезмаалыматка каршы турууга жана аудиторияга ишенимдүү, объективдүү маалыматты креативдүү заманбап ыкмада жеткирүүгө байланыштуу орчундуу кесиптик темаларды талкуулашты.


Маалыматтык башаламандык шартында этика тууралуу


Медиа адис Лилия Гайсина маалыматтык башаламандык өкүм сүргөн жаңы шартта журналисттик этика жана медианын андан ары жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө кызуу талкуу уюштурду. 



Лилия Гайсина көйгөйлүү маселе – журналисттик этика жөнүндө сөз кылууда.


Акыркы жылдары журналисттер жана контент жаратуучулар болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болушту: пандемия, аймактык жана глобалдык чыр-чатактар жана согуштар, маалыматтык согуштар жана кысымдар, демократиялык баалуулуктардын деградациясы, жасалма интеллект технологияларынын тез өнүгүүсү жана фейктердин ташкыны.

Гайсина Тажикстандын мисалында акыркы жылдары сөз эркиндигине байланыштуу абал кескин начарлаганын көрсөттү.


Анын айтымында, 2009-жылы БА чөлкөмүндө сөз эркиндиги боюнча эң жакшы көрсөткүч Тажикстанда болгон. Учурда Тажик Республикасында 13 журналист кесиптик ишмердүүлүгү үчүн эмес, экстремист жана террорист деген айып менен абакта отурат.

Кэмптин катышуучулары журналисттик этика авторитардык режим учурунда иштей алабы, же ал демократиялык шарттарда гана иштейби деген суроонун айланасында талкуу жүргүзүштү.


Расмий, бирок чындыкка дал келбеген маалымат менен эмне кылуу керек? Журналист бир гана көз карашты карманып коомдук талкууларга катыша алабы? Катардагы жөнөкөй жарандарга коркунуч жараткан куралдуу конфликттер шарттарында окуяларды кантип чагылдыруу керек? Этика ишенимди жана журналисттик баалуулуктарды кантип сактай алат? Деги эле бардык жактан чектеген чөйрөдө этиканы карманып иштөөгө болобу?


Санарип аватарды жасаганды үйрөнөбүз


«Артпаровоз» студиясынын медиа-продюсери, «Жакшы ньюстун» негиздөөчүсү Александр Нужныйдын санариптик аватары бар жаңылыктар тууралуу мастер-классы катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.



Александр Нужный санарип аватарды кантип жасаса болорун көрсөтүп жатат.


— Сүрөт өтө сапаттуу болуп, өзүңөр да көп кымылдабай, камерага гана караганыңар өтө маанилүү, – деди ал. 


ЖИ технологиялары учурда чыныгы адамга окшош санариптик аватары бар видеону бат эле жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Бул ыкчам болууга, бюджетти үнөмдөөгө жана субтитрлерди кошуу менен инклюзивдүү, б.а. бардык адамдарга жеткиликтүү болууга мүмкүнчүлүк түзөт.


Бирок аватарды колдонуу, Александр Нужныйдын эскертүүсү боюнча, айрым маселелерди, анын ичинде этикалык маселени жаратышы ыктымал.

Аудитория контенттин ишенимдүүлүгүнөн күмөн санашы мүмкүн, аватар терең эмоцияларды бере албайт, өзгөчө олуттуу темалардагы репортаждарда.

Көз жазгыруу тобокелдиги бар. Технология дипфейктерди, дезмаалыматты жаратканга колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле автордук укук маселеси жаралат – санарип аватардын ээси ким болот.


Тренер HeyGen кызматында (https://www.heygen.com/) аватарды түзүү жолун кадам-кадам боюнча түшүндүрүп берди. Ал ошондой эле бул платформанын журналисттер үчүн артыкчылык жактарын айтып берди.



Нужный кеңештерин берип жатат.


Аватарды күнүмдүк жаңылыктарда, кыска билдирмелерде, эксперттер менен интервьюда, комментарий берүүдө, видеону түшүндүрүүдө колдонсо болот.

Нужныйдын айтымында, ЖИ журналисттин аналитикалык ишин жасай албайт, бирок техникалык жактан контент жаратууну кыйла жеңилдете алат. Ал ARTPAROVOZ каналында Казакстандын жаңылыктарын, орус, казак жана англис тилдеринде айтып берген аватарын көрсөттү.


Кэмптин соңунда анын катышуучулары практикалык иштерди жасашты: коомдук тармактардагы барактарды талдап, контент кызыктуу болушу үчүн татаал темаларды жөнөкөйлөштүрүп айтып берүү ыкмаларын колдонгонду үйрөнүштү.



Кэмптеги практикалык иш учурунда.



Мастер-класстарда катышуучулар алган жаңы билимдердин жана көндүмдөрдүн негизинде контент жаратканга, бир материалда ар түрдүү форматтарды айкаштырганга үйрөнүштү, видеолорду жана карточкаларды түзүүдө тренерлердин кеңештерин алып турушту. 


Ошондой эле катышуучулар тренерлердин тапшырмасы менен жасаган иштерин сунушташып, коомдук тармактагы постторду жакшыртуу боюнча кеңештерди алышты.



Катышуучулар Innovation Camp – 2025 иш-чарасынан эмне алышты



Айнур Шошаева, журналист, фактчекер (Астана, Казакстан)




— Кесиптик көндүмдөрүмдү жакшыртуу керек болгондуктан кэмпке катышууга өтүнмө бергем. Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүп жатат, аны менен кошо технологиялар да, тренддер да өзгөрүүдө. Ишимди женилдете алган айрым кызматтар тууралуу Innovation Camp учурундагы тренингдерден билдим. Биз контент жаратканды билебиз, бир гана аны жайылтканды эмес. Коомдук тармактардын алгоритмдери бат-баттан өзгөрүп турат, көрүүчүлөргө өзүмдүн контентимди түшүнүктүү тилде жеткирүү үчүн мага СММ боюнча көндүмдөр жетишпейт. Менин максатым – аудиториянын көңүл бурганга үйрөнүү.

Ошондой эле кэмпке катышуу башка өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен таанышууга гана мүмкүнчүлүк түзбөстөн, келечектүү биргелешкен долбоорлорду талкуулаганга да шарт түзөт.



Машхура Максудзода, коммуникация боюнча менеджер (Кожент, Тажикстан)



— Кэмпте мен ChatGPT'ге ишенгенди үйрөндүм, бирок ошол эле кезде анын жоопторун текшергенди, фактчекинг кылганды. Маселен, көп убакытты алган майда-барат маселелерди ага берип койсом болот. Нейротрамактар үчүн туура промпторду жазганды үйрөнүү зарыл эле. Видео жаратуу үчүн ЖИни колдонууга үйрөткөн сессиялар мага өтө жакты. Мен үчүн музыканы жаратууну үйрөнүү өтө маанилүү болду, анткени мурда видео үчүн үн коштоосун табуу көп кыйынчылыктарга турчу. Мен эми өз текстиме ыр жаратканды билем.



Чопонбек Сабырбеков, журналист (Бишкек, Кыргызстан)



— Биз редакциядагы көптөгөн майда иштерди берип койсо боло турган ЖИге байланыштуу көптөгөн жакшы аспаптар тууралуу маалымат алдык. Бул башка маанилүү материалдарга көбүрөөк убакыт бөлгөнгө шарт түзөт. Мисалы, биз ChatGPT'ни көп колдонобуз, бул жактагы тренингдерде анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көбүрөөк маалымат алдык. Биз адатынча аны издөө кызматы, анчалык деле «акылдуу эмес» дос катары колдонот элек. Ал эми Тереховдун тренингинде биз анын эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдик. Санарип аватарды түзүү боюнча аспап бизге катуу жагып калды. Биз мурда күнүмдүк жаңылыктар менен тааныштырып турган санариптик аватарды жасасакпы деп ойлонуп жүргөнбүз, бирок аны сапаттуу жасоонун жолдорун жакшы билбейт элек. Бир нече жолу аракет кылып көрдүк, бирок бардыгы начар болуп жатты. Эми болсо биз чыныгы адамга окшош, сапаттуу аватарды жасаганды үйрөндүк.


CARAVAN долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews тарабынан ишке ашырылат.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Грантовый конкурс среди производителей контента 

Гранты для межстрановых команд от CARAVAN: конкурс продлен до 20 ноября

Открыт набор участников и тренеров на Innovation Camp!