Innovation Camp: Борбор Азиянын медиалары ЖИни колдонгонду үйрөнүп жатышат, 2-күн



Алматыда өтүп жаткан борбор азиялык Innovation Camp'тин катышуучулары контенттин сапатын жакшыртуу үчүн жасалма интеллектти жана онлайн аспаптарды колдонуунун эң мыкты тажрыйбаларын активдүү үйрөнүп жатышат.

2-күн. Дезмаалыматка каршы туруу жөнүндө


Кэмптин 2-күнүнүн башында редактор жана медиа эксперт Лилия Гайсина гендердик дезмаалымат жана кастык тил деген эмне экенин чечмелеп, алар Борбор Азия медиаларында кандайча байкалары, аялдарга карата стереотиптер медиада кандайча колдонулары жана социалдык медиада терс комментарийлерди эмне жаратары жөнүндө айтып берди.



Лилия Гайсина гендердик дезмаалымат жөнүндө айтып берүүдө.


Ал өзүнүн журналисттик тажрыйбасынан мисалдарды келтирип, гендердик дезмаалымат кантип жаралаарын жана аны дүйнө жүзүндө пропагандачылар айрыкча аял саясатчыларга карата кантип колдонорун көрсөтүп берди.

Кастык тилди ЖМКлардын атайылап кемсинтүү, шылдыңдоо жана ал тургай айыптоо ыкмаларын колдонгондорунан билсе болот. Мындайда медиа адатынча «салттуу маданий баалуулуктарга» шилтеме кылат.

Гендердик дезмаалымат – бул ар кандай жыныстагы адамдардын социалдык ролдору, укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү чындыкка дал келбеген ой-пикирлер.


— Мисалы, чыныгы эркек армияга барышы керек деген пикир дагы гендердик дезмаалымат болуп саналат, – деп белгиледи Гайсина.


Анын айтымында, кастык тилге алып келген жергиликтүү жана тышкы нарративдерди айырмалай билгенди үйрөнүү зарыл.


— Эң коркунучтуусу жана татаалы – терс комментарийлерди профилдеринде жакшынакай мышыктар жана гүлдөр болушу мүмкүн катардагы колдонуучулар калтыргандыгында. Алар жек көрүүчүлүктү билдирүү менен салттуу социалдык нормаларды коргоп жатабыз деп ойлошот.



Кэмптин катышуучулары практикалык иштин үстүндө.


Кэмптин катышуучулары сессиянын жүрүшүндө практикалык тапшырмаларды аткарып, гендердик өзгөчөлүккө сезимтал, эч кимди таарынта албаган материалдын планын түзүштү.


Санариптик баяндоо көндүмдөрүн жакшыртуу жөнүндө


Медиа эксперт Алексей Терехов катышуучуларды дата-журналистикада жана ЖИни колдонуп видео контент түзүүдө колдонулуучу онлайн куралдар менен тааныштырууну улантты.

«Талда, визуалдаштыр, жарыяла» деген презентациясында нейрон тармактарын колдонуп чоң көлөмдөгү маалыматтарды түшүнүктүү окуяларга кантип айландырса болоруна токтолду.

Медиа адис кооз таблицаларды, интерактивдүү карталарды тез түзүүгө жана графиктер менен диаграммаларды жасоого жардам берген Google Sheets, Data Analyst, ChartGPT, Datawrapper жана башка онлайн кызматтар тууралуу айтып берди.



Терехов онлайн-кызматтар тууралуу айтып берүүдө.


Ал маалыматтар визуалдаштырылган материалдар кадимки тексттик материалдарга караганда бир нече эсе көп көрүүлөргө ээ болорун айтып берип, сүрөттөрдү бир өңчөй визуалдык стилде түзүүгө жардам бере алган dall-e, recraft.ai жана Gemini'деги Nano Banana аспаптарын колдонууну сунуштады.


Терехов ошондой эле катышуучуларды видео контентти түзүү жана аны оңдоп түзөтүү үчүн canva.com сыяктуу онлайн тиркемелердин мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Каалаган тилде үн коштоону түзүү үчүн elevenlabs.io кызматын колдонсо болот.

Акысыз Veed.io онлайн видео редакторунда ЖИнин жардамы менен сүйлөй алган аватарды түзүп, анын үнүн адамдын өзүнүн үнүндөй кылса болот, бул бир нече мүнөттүн ичинде эле кесипкөй видеожаңылыктарды жасаганга мүмкүнчүлүк берет.


Терехов Suno.ai кызматы Google AI Studio сыяктуу эле каалаган стилде жана жанрда музыкалык тректерди жаратууга жана ырларды жазууга мүмкүндүк берерин көрсөттү.


Рилстин сунушталгандардын катарына киргизилишинин сыры эмнеде?


Исмаил Карыпов Инстаграмдагы видеолорунун көрүүсүн кантип көбөйтө алганы тууралуу жеке тажрыйбасы менен бөлүштү.

Ал социалдык тармактардын алгоритмдеринин негизги иштөө принциптери тууралуу айтып берип, постту түзүүгө бир нече фактор таасир этерин белгиледи: илхам, тажрыйба, структураланган чек-тизме, жана башкалардын ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышуу. Сапаттуу контентти такай жарыялап туруу, биринчи мүнөттөн баштап эле лайктарды алуу зарыл болот, ошондой эле автордун харизмасы жана инсандыгы да абдан маанилүү.


Карыпов ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.


Бирок, ал белгилеген эң маанилүү нерсе: Instagram'дын жана TikTok'тун алгоритмдери видео аягына чейин көрүлгөндө гана иштейт.

Трендге, сунушталгандардын катарына кантип кирип, ошол эле кезде өзгөчөлүктү кантип сактап калса боло тургандыгы тууралуу кеңештери менен бөлүштү.


Тренддеги музыка жана платформа өзү сунуштаган шаблон колдонулган учурда контенттин алдыга «атып» чыгып, көрүүлөрү көп болуу ыктымалдыгы кыйла жогору болот.


Исмаил ийгиликтүү кейстерди талдап, кайсы видеоформат жана «өзгөчөлүктөр» борбор азиялык видеолорго миллиондогон көрүүлөргө жетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнүн көрсөтүп берди.


CARAVAN долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews тарабынан ишке ашырылат.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Грантовый конкурс среди производителей контента 

Гранты для межстрановых команд от CARAVAN: конкурс продлен до 20 ноября

Открыт набор участников и тренеров на Innovation Camp!