Алматыда Борбор Азиялык Innovation Camp башталды


Марат Садыков, модератор.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карандысыз журналисттери, блоггерлери жана контент жаратуучулары шаршемби күнү Алматыда үч күндүк кэмпке чогулушту. Ал кызматташуу, эксперимент жүргүзүү жана өнүктүрүү үчүн аянтча болмокчу. 

Үч күндүн ичинде катышуучулар жасалма интеллектти кантип натыйжалуу колдонсо болорун, окуяны баяндоону жакшыртуу үчүн кайсы жаңы технологиялар менен алгоритмдер эң актуалдуу экенин үйрөнүшөт.



Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген кэмптин катышуучулары.



Журналисттер жана редакторлор практикалык мисалдардын негизинде өздөрүнүн редакцияларында туруктуу, натыйжалуу жана чыгармачыл иш жүргүзүү үчүн эң мыкты куралдарды өздөштүрүшөт.


CARAVAN долбоорунун директору Вадим Садоншоев иш-чараны ачып жатып, бул бүткүл Борбор Азия үчүн абдан маанилүү долбоор экенин, ал ишенимдүү окуялар аркылуу аймактын аудиториясын өнүктүрүүнү максат кыларын эскертти.




Вадим Садоншоев, долбоордун директору.


CARAVAN медиа сабаттуулукту жайылтканга жардам берип, ар кандай медиа платформалар үчүн контент жаратуучуларга колдоо көрсөтөт, – деп белгиледи Садоншоев.


Кэмптин ачылышында Европа Биримдигинин Казакстан Республикасындагы элчиси Алешка Симкич ар бир адам кеңири маалымат мейкиндигинде адашпай жүрө алышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.





Алешка Симкич, Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси


- Биз маалыматтын эбегейсиз чоң агымына туш болуп жатабыз жана аудитория дайыма эле чындыкты дезинформациядан айырмалай бербейт, – деп белгиледи ал.


Анын айтымында, ЕБ колдоп келген CARAVAN долбоору ар кандай маалыматтык таасир этүүлөргө, анын ичинде эң акыркы технологияларды колдонуудагы аракеттерге карабастан, медиа сабаттуулукту өнүктүрүп, фейктерге каршы турууга жардам берип келүүдө.


1-күн. Контентти жакшыртуу үчүн ЖИ менен кантип иштөө керек

Кэмптин биринчи күнү толугу менен акылдуу жана коопсуз журналистика үчүн жасалма интеллектти колдонууга жана санариптик куралдарга сереп салууга арналды.



Алексей Терехов, ЖИ боюнча адис.



Медиа эксперт Алексей Терехов редакциялар үчүн ар кандай форматтагы тексттерди түзүүдө редакторлордун жана журналисттердин ишин бир топ тездеткен жана жакшырткан промпт-инжиниринг менен тааныштырды.

Эң негизгиси, ал нейрон тармактары үчүн натыйжалуу промпторду түзүү боюнча деталдуу көрсөтмөлөрдү жана эрежелердин жыйындысын берди.


– ЖИ силерге чынында эле жардам беришин кааласаңар, аны менен адам менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп, байланыш түзүп, диалог куруу керек, – деп белгиледи Терехов.


Ошондой эле адис күнүмдүк редакциялык процесстерди автоматташтыруу үчүн кайсы тиркемелерди натыйжалуу колдонсо болорун түшүндүрдү.

Медиа эксперт жана тренер Исмаил Карыпов тексттин күчү жана сөздөрдү кантип натыйжалуу колдонуу керектиги жөнүндө кеңири айтып берди.



Медиаэксперт жана тренер Исмаил Карыпов.


– Контентти жаратып жатканда учурдагы тенденцияларды түшүнүү өтө маанилүү, - деп баса белгиледи ал.


Анын айтымында, аудитория менен анын тилинде жана болушунча өтө жөнөкөй сөздөр сүйлөшүү керек, ошондо ага маселенин өзөгүн жеткирип, теманы талкуулаганга тартса болот.


– Окурмандын көңүлүн дароо тартып алыш үчүн посттун алгачкы үч-төрт сөзүнө өзгөчө көңүл буруу керек, – дейт Исмаил Карыпов.


Ал Twitter (X), Threads жана Facebook'тан алынган мисалдарды талдап, эмне үчүн кээ бир посттор «ийгиликке» жетип, башкалары байкалбай калаарын көрсөтүп, «туура» тексттин формуласы тууралуу сөз кылды. Карыпов ар кандай социалдык тармактар ​​үчүн текстти жакшыртууга жана ыңгайлаштырууга жардам берген негизги куралдар, белгилүү бир ыкмалар жана популярдуу лайфхактар менен бөлүштү.


Кэмптин биринчи күнүнүн соңунда киберкоопсуздук боюнча адис Артем Тарасов катышуучуларга киберкоопсуздуктун негизги принциптерин түшүндүрүп берди. Ал жеке маалыматтар түшүнүгүн, интернетте кандай коркунучтар жана чабуулдар болорун, ошондой эле жеке аккаунттардын жана түзмөктөрдүн коопсуздугун кантип камсыз кылуу керектигин түшүндүрүп берди.


№1 эреже. Бардык аккаунттарга: почтага, коомдук тармактарга жана мессенджерлерге эки факторлуу аутентификацияны коюу.

№ 2 эреже. Ал эмес жакшы тааныштардан, жакын туугандардан келген шилтемелер боюнча эч качан бир жакка өтпөө.


Кэмптин катышуучуларынын бири, кыргызстандык «Говори ТВ» көз карандысыз маалымат каражатынын жетекчиси, биринчи күнү өткөрүлгөн мастер-класстар тууралуу өз таасирлери менен бөлүштү.

Анын айтымында, ал сайттагы жана социалдык платформалардагы көрүүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча куралдар менен бөлүшкөн Алексей Тереховдун сессиясы учурунда өзүнө көп пайдалуу маалымат ала алды.



Кайыргүл Урумканова, «Говори ТВ» (Кыргызстан).


– Исмаил Карыпов мени Instagram'да контентти жайылтуу жана татаал темаларды жөнөкөй, түшүнүктүү тексти бар карточкаларга айландыруу үчүн жаңы тенденцияларды кабыл алууга шыктандырды, – деп кошумчалады Кайыргүл.


Инновациялык кэмптин биринчи күнү ушуну менен аяктады — алдыда дагы эки күн бар, эртең сизди чыдамсыздык менен күтөбүз!


CARAVAN долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews тарабынан ишке ашырылат.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Грантовый конкурс среди производителей контента 

Гранты для межстрановых команд от CARAVAN: конкурс продлен до 20 ноября

Открыт набор участников и тренеров на Innovation Camp!