2023-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы VI сыйлыкка сынак жарыяланат




Журналисттик иликтөөлөр фонду, Кыргызстандагы Интерньюс уюму жана «Сорос-Кыргызстан» фонду Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылчу сыйлыкка 2023-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн сынак жарыялашат. 



Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынат.



Кабыл алынган иштерди баалоодогу негизги талаптар:


журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана теманын масштабы;


автордук ыкма жана стили;


форматтардын жана визуалдаштыруулардын өзгөчөлүгү, ар түрдүүлүгү (мультимедиалуулугу);


теманы толук ачып берүүсү;


иликтөөнүн далилдүүлүгү;


алынган маалыматтын эксклюзивдүүлүгү;


иликтөөчү журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттарын кармануусу.




Сынактын жыйынтыгында 2023-жылы мыкты журналисттик иликтөө жасаган автордун же авторлор тобунун эмгеги 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен бааланып, атайын статуэтка жана диплом да ыйгарылат.



Сынакка катышуу тартиби:


Сынакка катышуу боюнча билдирме кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынып, анда:


арыз берүүчүнүн аты-жөнү;


сыйлыкка талапкердин (талапкерлердин) аты-жөнү;


уюмдун толук аталышы;


сынакка берилип жаткан материалдын кыскача аннотациясы жана материалга шилтемеси болушу зарыл.





Сынакка катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу билдирмени толтуруп 2024-жылдын 10-январына чейин жөнөтүү керек. 


10-январь акыркы күн.



Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген билдирмелер каралбайт.

Сынакка 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарык көргөн материалдар кабыл алынат.


Бир талапкер сынакка бир нече материал көрсөтө алат. Анда берилген ар бир материалга өзүнчө билдирме толтурулушу зарыл. Жарык көрбөгөн материал сынакка кабыл алынбайт.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзү туура деп тапкан иликтөөнү (эгер ал иликтөө жогорку профессионалдык деңгээлде жүргүзүлгөн деп ойлосо)  сыйлыкка көрсөтө алат.


Бардык суроолор боюнча Журналисттик иликтөөлөр фондунун электрондук дареги g.esengeldieva@gmail.com аркылуу кайрылууга болот.  



Маанилүү! Мыкты журналисттик иликтөө үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 12-февралында иликтөөчү журналистиканын «Чындык» IV форумунун алкагында өтөт.



Бул иш-чара Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн TRACK долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Журналисттик иликтөөлөр фонду форумдун өнөктөшү.


Сынактын максаты – медиа кызматкерлердин иликтөөчү журналистикага, ошондой эле коррупциялык схемаларды жана мыйзам бузууларды ачыкка чыгарып, аларга бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерге кызыгуусун арттыруу.


«Чындык» форуму – бул журналисттик иликтөөнүн өнүгүүсүнө арналган иш-чара. Форумдун программасында панелдик талкуулар, тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттердин, алардын ичинде чет элдик кесиптештердин лекциялары жана воркшоптору сунушталат.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле

9 возможностей с дедлайном в апреле — для журналистов всего мира