Кыргызстандагы медиакеректөө боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары Бишкекте сунушталат




 

Кыргызстандагы Интерньюс уюму «М-Vector» изилдөө-консалтинг компаниясы менен биргеликте «Кыргызстандын медиа аудиториясынын кабылдоосу жана жүрүм-туруму. 9-толкун» деген аталыштагы Кыргызстандагы медиарыноктун абалы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын сунушташат.



Датасы: 19-декабрь, 2023-жыл.

 


Бул изилдөөнүн негизги максаттары:


· өлкө тургундарынын медиа чөйрөдөгү артыкычылык көрсөтүүлөрүнө талдоо жүргүзүү;

· ата мекендик медиа рынокту өнүктүрүү;

· такай негизде чечим чыгарып турушу үчүн колдонуучуларга практикалык маалыматтарды сунуштоо.


Медиа изилдөө өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлдү: Кыргызстандын жети облусунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында (3600 респондент). Суроолор беш негизги блокторго тиешелүү болду: телеберүү, санарип берүү, басылмалар, радио, интернет.

Изилдөөнүн жыйынтыктары жана презентациянын материалдары медиа коомчулукка, массалык байланыш тармагы боюнча адистерге, эл аралык жана донорлук уюмдарга, бизнеске пайдалуу болот.



Аналитикалык отчетто төмөнкү нерселер камтылат:



1. Жынысы, жашы, кирешеси ж.б. сыяктуу негизги демографиялык көрсөткүчтөр боюнча аудиториянын портрети.

2. Интернет ЖМКлардын учурдагы рейтинги.

3. Телекөрүүчүлөр менен радиоугуучулардын үлүшү.

4. Кыргызстандын телеканалдарынын жана радиостанцияларынын бир күндүк жана бир жумалык аудиториясынын орточо өлчөмү.

5. Коомдук тармактар менен мессенжерлердин учурдагы рейтинги.






Эскерте кетсек, «М-Vector» компаниясы 2011-жылдан бери Кыргызстандын медиа рыногун изилдеп келет. 


Акыркы «8-толкун» 2017-жылы жүргүзүлгөн болчу.

«Кыргызстандын медиа аудиториясынын кабылдоосу жана жүрүм-туруму.




"9-толкун" презентациясын 2023-жылдын 19-декабрынан кийин төмөнкү сайттардан жүктөп алса болот:




M-Vector сайттан  







15-декабрь саат 18:00гө чейин  бул жерден  катталуу керек.






Бул изилдөө Кыргызстандагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоорунун алкагында иш жүзүнө ашырылып, Кыргыз Республикасындагы USAID уюму тарабынан каржыланды.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле

9 возможностей с дедлайном в апреле — для журналистов всего мира