Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле



Кыргызстанда медиасын жанрын андан ары өнүктүрүү максатында тренинг уюштурулат. Аны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр тажрыйбалуу менторлордун кол астында эки айлык менторлук программадан өтө алышат. 



Кыргызстандагы Интерньюс 2022-жылы Медиасын устаканасы деген жаңы долбоорду ишке ашыра баштаган.

Бул долбоор журналистиканын сапаттык өнүгүүсүн талдоо, баалоо жана болжолдоо максатын, б.а. кесиптик өсүшкө жана технологиялык өнүгүүгө жетишүүнү, корпоративдик жоопкерчиликти жана тилектештикти күчөтүүнү, этикалык нормаларды сактоону, коомдук маалымат үчүн көз карандысыз институттун принциптерин сактоону, ЖМКга мүнөздүү башка социалдык функцияларды аткарууну, журналисттердин чыгармачылык жөндөмүнө дем берүүнү ж.б.д.у.с. көздөйт.



Тренингде жана андан кийинки ментордук программалда өзүн көрсөтө алгандар Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынчылар тобуна чакыруу алышат.


Алар 2024-жылдын октябыран тартып 2025-жылдын сентябрына чейин гонорар төлөнө турган контент жаратууга мүмкүнчүлүк алышат. 


Медиасын устаканасына кыргыз жана/же орус тилинде жаза билген ЖМКда иштөөдө бай тажрыйбасы бар кесипкөй журналисттерди, күчтүү аналитикалык жана публицисттик жөндөмдөрү бар жарандык журналисттерди/блогерлерди, арт-, кино-, театр жана адабий сын багытындагы тажрыйбалуу же жаңыдан баштап жаткан сынчыларды күтөбүз.


Тандоо эки баскычтан турат:


1) онлайн-билдирмелерди кабыл алуу жана шарттарга туура келген талапкерлерди тандоо;

2) тандалган талапкердин тесттик тапшырманы аткаруусу.


Эки баскычтан ийгиликтүү өткөндөр 2024-жылдын 27-28-29-июндарында өтө турган тренингге чакырылат.



ОНЛАЙН-БИЛДИРМЕНИН ФОРМАСЫ


Билдирмени 17-марттын 18:00нө чейин толтуруу керек.


Тандоонун экинчи этабына катышууга тандалгандардын электрондук почталарына 20-мартта тийиштүү билдирүү жиберилет.


Долбоорго катышуу суроолору боюнча Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорунун жетекчиси Азамат Тынай тегинге azamattynai@internews.org электрондук почтасына жазсаңар болот.


 

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

9 возможностей с дедлайном в апреле — для журналистов всего мира