Журналисттер үчүн "Умтулуу-2024" сынагы жарыяланат 




Интерньюс Кыргызстандын кесипкөй журналистика чөйрөсүндө жыл сайын өтүүчү "Умтулуу-2024" сынагына катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

 

Сынактын максаты 


Өлкөдөгү медиа мекеме кызматкерлеринин, журналисттердин жана кесипкөй журналисттик контенттердин авторлорунун кесипкөйлүгүн 

алкоо, алардын аудитория алдындагы жана жалпы коом алдындагы жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле Кыргызстандын маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү.  

Сынак жооп табууга татаал, чечилиши кыйын, бирок маанилүү темалар боюнча коомдук талкууну жаратууга багытталган.

 

Сынактын номинациялары

 

Интерньюс сынакка бардык медиа форматта даярдалган, сапаттуу журналисттик материалдардын авторлорун сыйлайт. Материалдар төмөнкү темаларда болуусу керек:


1.    "Коомдук кызыкчылык"

2.    ”Тынчтык жана ынтымак”

3.    "Балалыкты коргоо"

4.    "Айлана-чөйрөнү коргоо"

5.    "Маданият жана агартуу"

6.    "Аракеттү инсан"

 

 



Ошондой эле "Умтулуу-2024" сыйлыгынын атайын номинациялары да бар:

Темага берилгендиги үчүн кесиптештердин таануусу. 

 

Быйылкы тема “Мурас: тарыхый эс тутум, тил, маданият”. Мында жеңүүчүнү онлайн добуш берүү менен медиа коомчулук аныктайт. Интерньюс добуш берүү башталган датасы жана орду тууралуу кошумча маалымат берет.

 

 

 - "Таиржан Турсуналиевдин жаркын элесине арналган атайын сыйлык" аймактык журналистиканын өнүгүшүнө зор салымын кошкон медиа кызматкерине ыйгарылат. 

 

Бул атайын сыйлыктын лауреатын Кыргызстандагы Интерньюстун сынактык комиссиясы аныктайт.

 

 

Көңүл буруңуз! Сынакка  медианын түрүнө карабастан  2023-жылдын 1-январынан 2024 -жылдын 31-августуна чейинки  (1жыл 8 айлык) аралыкта биринчи жолу жарыяланган журналисттик материалдардын авторлору катыша алышат.


Сынакка эл аралык медиалардын өкүлдөрүнөн тышкары,  авторлор өздөрү же кызматкерлериң көрсөткөн медиа компаниялар өтүнмө бере алышат.


 

Сынакка катышуу үчүн онлайн-өтүнмө толтуруу керек:

 

Өтүнмө кыргыз тилинде 

Өтүнмө орус тилинде

 

 

 

Өтүнмөгө редактордун катын тиркөөнү унутпаңыз 

(Жүктөп алуу бул жерде).


Өтүнмөлөр 2024-жылдын 30-сентябрына чейин кабыл алынат.

 

Көңүл буруңуз! Өтүнмөнү толтурууну баштаардан мурун, сизден "Умтулуу -2024" Сынагынын Жобосундагы жана КБСЖдагы (Көп берилүүчү суроолордун жооптору)  номинациялар, сынака материалдарды берүүнүн эрежелери, даталары жана башка өзгөчөлүктөрү менен кылдат таанышып чыгууну суранабыз.


Жобосу


КБСЖ

 

 

Кошумча суроолор болсо, сынактын уюштуруу комитетинин өкүлү Элима Джапаровага иш күндөрү 09.00 дөн 18.00 гө чейин edzhaparova@internews.org электрондук дарегине жазыңыз.




 

"Умтулуу" сынагы Кыргызстандагы көз карандысыз медианы өнүктүрүүгө багытталган "Медиа-К" узак мөөнөттүү долбоорунун алкагында уюштурулган, ал Интерньюс жана Фридом Хаус  өнөктөштүгүндө ишке ашырылат жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат.   

 

 

 

 

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле

9 возможностей с дедлайном в апреле — для журналистов всего мира