Кыргызстандагы Интерньюс «Жаңы телеберүү» пилоттук контенттик программаны ишке ашыра баштаганын билдирет

 


 

Кыргызстандагы Интерньюс ЖМКлардын редакцияларынан, чыгармачыл топтордон, продакшн студиялардан телеберүү форматындагы программаларды – автордук берүүлөрдү, интервьюларды, жаңылык шоусун, ток-шоуну, тележурналды жана дайжесттерди, даректүү тасмалардын жана атайын репортаждардын түрмөктөрүн ж.б. жаратууга мыкты билдирмелерди колдомокчу.

 

Программанын мөөнөтү: 2024-жылдын июлу – 2025-жылдын июну (бул мөөнөткө 3 айдан кем эмес контентти жайгаштыруу/көрсөтүү мөөнөтү кирет).

 

Программалар каалаган жанрда болушу мүмкүн: аналитикалык, маалыматтык, публицисттик, билим берүүчү, көңүл ачуучу ж.б.


Контенттик программанын негизги темасын: климаттын глобалдык өзгөрүүсүн чагылдырган тематикалардын ар түрдүүлүгүн кубаттайбыз.


Кыргыз тилиндеги программаларга артыкчылык берилет.

 

Билдирмелерде жаңы идеялар же көрсөтүүсү токтогон программаларды кайрадан жаңылап чыгаруу сунуштары камтылышы мүмкүн.

 

Билдирмеге талаптар:

 

- программанын концепциясы, тили жана таркатуунун (жайылтуунун) ыкмасы (телеканал жана/же Ютуб-канал), узактыгы жана мезгилдүүлүгү, пилоттук мөөнөттө даярдала турган чыгарылыштардын жалпы саны так көрсөтүлүшү зарыл;

 

- сунушталып жаткан программаларды жаратуудагы тажрыйбаңыздарды айтып бериңиздер же кийин оригиналдуу түрдө кайра иштетилип, ыңгайлаштырылып чыга турган программаларды мисал катары көрсөтүңүздөр (бул программалардын укук ээлери менен франшиза же өнөктүк тууралуу келишимдер бар болсо эң сонун болот);

 

- программаны жаратуудагы өзүңөрдүн салымыңар тууралуу айтып бериңиздер: студияңар барбы же ижарага аласыңарбы, тартуу жана техникалык жабдыктар барбы;

 

- программадан тез убакта жана/же кийинчирээк жарнамалык жана башка киреше табуунун конкреттүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүңүздөр;

 

- программаны ишке ашыруунун календардык планы болушу керек;

 

- долбоордун болжолдуу бюджети 20 миң АКШ долларынан ашпашы керек. Интерньюс бюджетти өзгөртө алат (же азайтуу жагына, же көбөйтүү жагына).

 

Кыргызстандагы Интерньюстун өнөктөрү көрүүчүлөрдүн чоң аудиториясын, жана ошондой эле туруктуу жарнама берүүчүлөрдү жана маалыматтык өнөктөрдү өзүнө тарта алган көрүмдүү, актуалдуу, коомдук маанидеги программаларды жарата алышат деп үмүттөнөбүз.

 

Бизди классикалык телеберүүдөгү чоң тажрыйбасын интернет-берүүдөгү жана видео өндүрүүдөгү жаңы иш билгилиги менен мыкты айкалыштырып келген командалар өзгөчө кызыктырат.

 

Долбоорго тандап алынган командалар үчүн тренингдер уюштурулуп, контент өндүрүү учурунда аларга эл аралык эксперттик колдоо көрсөтүлүп турат.


 

Онлайн-билдирмени бул шилтеме боюнча толтурса болот.

 

Билдирмени жөнөтүүнүн акыркы мөөнөтү – 31-май, 18:00.

 

Билдирме бергиси келгендер үчүн 2024-жылдын 13-майында Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө Zoom платформасында маалыматтык жолугушуу уюштурулат.


 

Маалыматтык жолугушууга шилтеме:

 

https://internews.zoom.us/j/83494998461?pwd=afVl0GvKKVgMT5jD2I3Guklmpbru0B.1 

Meeting ID: 834 9499 8461
Passcode: 671801



 

Суроолор менен долбоордун жетекчиси Азамат Тынай тегинге azamattynai@internews.org электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот.



Бул программа Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу, Америка элинин жардамы аркасында, Кыргызстандагы Интерньюстун "Media-K" долбоору тарабынан ишке ашырылууда.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле

9 возможностей с дедлайном в апреле — для журналистов всего мира