Ошто гендерге сезимтал журналистика боюнча тренерлер үчүн тренинг өтөт



Интерньюс гендерге сезимтал журналистика боюнча тренерлер үчүн 5 күндүк тренингге билдирүүлөрдү кабыл ала баштады.

Кыргызстандагы Интерньюс гендерге сезимтал журналистика боюнча тренерлер үчүн тренингди (ТОТ) «Медиа-К» долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университет менен биргеликте өткөрөт.



Өтө турган жери: Ош ш., ОшМУ

Убактысы: 2024-жыл, 15-майдан 19-майга чейин.


Окутууга Кыргызстандагы жождордун журналистика факультеттеринин жана бөлүмдөрүнүн окутуучулары, медиаэксперттер, гендерге сезимтал журналистика боюнча тренингдерди, семинарларды өткөрүп жүргөндөр же өткөрүүнү пландаштырып жаткандар катыша алышат.


Окутууну кыргызстандык медиатренерлер кыргыз тилинде өткөрөт.

Окутууга кабыл алынган катышуучулар практикалык иштерди кыргыз жана орус тилдеринде жасай алышат.


ТОТинин программасында:

·      Гендерге сезимтал журналистиканын өзгөчөлүктөрү;

·      Журналисттик материалдарда гендердик сезимталдык сакталган практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча окутуу методикасынын өзгөчөлүктөрү.


Тренингдин жыйынтыгында студенттер жана үйрөнчүк журналисттер үчүн тренингдин модулун иштеп чыгуу пландаштырылууда.

 

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Ошко Бишкектен жана башка аймактардан келе турган катышуучулардын жол чыгымдарын, тамактануусун жана жайгашуусун уюштуруучулар көтөрөт. Тренингдин катышуучулары эс алуу күндөрүнө карабай беш күн катары менен тынымсыз окушат.

Эгер Ош шаарында ушундай тартипте өтө турган тренингде окуй албайм десеңиз, билдирме бербеңиз.


ТОТиге катышуу үчүн билдирмени бул жерде 2024-жылдын 8-май иш күнүнүн саат 15: 00 чейин толтуруу керек.


ТОТиге тандалган катышуучулар өзүлөрү менен ноутбук же смартфон жана ошондой эле кулакчын ала келиши зарыл.


Тандоо эки баскычтан турат:


— билдирмелер арасында конкурс

— биринчи баскычтан өткөндөр менен он-лайн маектешүү.

 

Көңүл буруңуздар! Билдирме бергендердин бардыгына көрсөткөн электрондук даректерине ТОТиге катышууга чакыруу-кат же окууга өтпөй калгандыгы тууралуу билдирме-кат жиберилет!

Кошумча маалымат алыш үчүн Кыргызстандагы Интерньюстун кеңешчиси Элима Жапаровага edzhaparova@internews.org электрондук дареги бонча кайрылыңыздар. 

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле

9 возможностей с дедлайном в апреле — для журналистов всего мира