Интерньюс аймактык долбоордун жаңы фазасына эки бош кызмат орундарды жарыялайт



Интерньюс Борбордук Азиядагы маанилүү окуяларды, алардын ичинде конфликттерди жана кризистерди объективдүү жана калыс чагылдырууну жакшыртууга багытталган аймактык долбоорго эки кызматкерди издөөдө.

Бул долбоор Кыргызстан менен Тажикстандын медиалары үчүн. Анын экинчи фазасы үчүн Бишкекте жана Душанбеде эки кызматкер керек болот.


Долбоордун аймактык менежери долбоордун эки өлкөдө аткарылышын көзөмөлдөп, жалпысынан долбоордун ишке ашырылышына жооп берет.

Долбоордун менежери долбоордун өз өлкөсүндө аткарылышын көзөмөлдөп, аймактык долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына көмөктөшөт.


1. Долбоордун аймактык менежери

Долбоордун аймактык менежери материалдык-техникалык колдоону жана долбоордун алкагындагы иш-чараларды, максаттарды, ошондой эле анын эки өлкөдөгү жыйынтыктарын көзөмөлдөп, ал жашап, иштеген өлкөдөгү долбоор боюнча жалпы байланышка, анын ичинде өнөк уюмдар жана бенефицарийлер менен байланышка жоопкерчиликтүү болот. Долбоордун максатка жараша ишке ашырылышы жана Кыргызстан менен Тажикстандагы командалардын тыгыз алакада иш алып барышы да анын жоопкерчилигинде.


Кызматтык милдеттери

·      Кыргызстанда жана Тажикстанда ишке ашырылган долбоордун бардык иш-чараларын программалык, административдик жана логистикалык жактан башкаруу.

·      Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары, редакторор, журналисттер, блогерлер, активдүү жарандар жана башка кызыкдар тараптар менен, анын ичинде мамлекеттик мекемелер менен байланыш түзүп, алака-мамилени кармап туруу анын милдеттерине кириши мүмкүн; иш-чаралардын бенефицарийлери, спикерлери, тренерлери жана катышуучулары менен байланышты кармап туруу; биргелешкен иш-чараларды өткөрүүдө долбоордун башка өлкөдөгү кызматкерлери менен иш алып баруу же контентти жаратуу/таратуу ж.б. милдеттер.

·      Долбоордун Тажикстандагы жана Кыргызстандагы командаларынын тыгыз алкада иш алып барышын башкаруу.

·      Долбоордун командасы менен биргеликте тренерлердин, кеңешчилердин жана катышуучулардын тандалышын жана жалданышын, алардын иш сапарларынын логистикасынын уюштурулушун көзөмөлдөө. Иш сапарлардын уюштурулушуна, материалдардын чогултулушуна жана түзүлүшүнө жардам берүү милдеттерине кириши мүмкүн.

·      Контенттин идеяларын иштеп чыгууда, катышуучулардын долбоорго активдүу катышуусун камсыздоодо долбоордун командасы жана катышуучулар/бенефицарийлер менен креативдүү иш алып баруу.

·      Жарандык коомдун жана кызыкдар институттардын/тараптардын долбоордун максаттарын түшүнүп, анын ишке ашырылышына активдүү катышып, өз салымдарын кошуусу үчүн алар менен алака-мамилелерди түзүп, бекемдеп туруу.

·      Мониторинг жана баалоо боюнча аймактык адистин жана башкы кеңсенин жардамы менен өлкөдөгү долбоордун иш-чараларына жана алардын жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү.

·      Команда менен биргеликте программанын кварталдык отчетторун түзүү; Кыргызстандагы жана Тажикстандагы долбоордун бардык программалык отчетторун редакторлоо.

·      Аймактагы дезинформацияга/кастыкты козутууга байланыштуу ЖМКлардагы абалга, конфликттерга такай көз салып туруу.

·      Долбоордун ишке ашырылышына байланыштуу бардык өзгөрүүлөрдү жана маселелерди өз убагында аныктап, алар тууралуу билдирип туруу.

·      Интерньюстун миссиясын жана баалуулуктарын карманып, анын саясатын жетекчиликке алуу.

·      Концепти, техникалык тапшырманы, сценардык планды иштеп чыгуу боюнча көндүмдү жана контентти жаратуу баскычтары боюнча түшүнүктү камтыган контентти жаратуу процесси боюнча билимди ийгиликтүү колдонуу.

 

Талап кылынган квалификациялар:

·      ЖМКлар же өнүгүү долбоорлору (медиа тармаагындагы долбоорлорго артыкчылык берилет) менен иш алып барууда 7 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;

·      Тийиштүү жогорку билими;

·      Кыргызстандын жана Тажикстандын ЖМКларындагы абалды, анын ичинде конфликтке сезимтал журналистиканы, дезинформация жана кастыкты козутуу жаатын жакшы билүү;

·      Талдоо жүргүзүү жана оюн түшүнүктүү жаза билүү шыгы;

·      Адам менен мамиле курганды жана түшүндүргөндү жакшы билиши;

·      Чыгымдар жана бюджет боюнча отчетторду түзүү тажрыйбасынын болушу;

·      Коопсуз байланыш аспаптарын үйрөнүүгө жана колдонууга даярдыгы;

·      Иштин майда-баратына чейин көңүл бурган уюштуруу шыгынын болушу;

·      Орус, англис жана жергиликтүү тилдерди (тажик же кыргыз) мыкты билиши;

 

 

2.     Долбоордун менежери

Долбоордун менежери ал жашап, иштеген өлкөдөгү материалдык-техникалык колдоону камсыздайт жана долбоордун алкагындагы иш-чараларды, максаттарды ишке ашырат, өлкөдөгү долбоор боюнча жалпы байланышка, анын ичинде өнөк уюмдар жана бенефицарийлер менен байланышка жоопкерчиликтүү болот. Ал аймактык менежер менен тыгыз алакада иш алып барып, долбоордун натыйжалуу ишке ашырылышына көмөктөшөт.

 

Кызматтык милдеттери

·      Долбоордун менежери өлкөдөгү материалдык-техникалык колдоону жана долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлдөйт, өлкөдөгү долбоордун алкагындагы бардык иш-чараларга, алардын өз убагында, тийиштүү көлөмдө, максаттарга ылайык ишке ашырылышына жоопкерчиликтүү; долбоордун жыйынтыктарына талдоо жүргүзөт; техникалык эксперттердин иш алып баруусун көзөмөлдөйт; бенефицарийлер жана өнөктөр менен байланыш кармайт.

·      Долбоордун аймактык менежери менен биргеликте тренерлердин, кеңешчилердин жана катышуучулардын тандалышын жана жалданышын, алардын иш сапарларынын логистикасынын уюштурулушун көзөмөлдөйт. Иш сапарлардын уюштурулушуна, материалдардын чогултулушуна жана түзүлүшүнө жардам берүү ж.б. милдеттерине кириши мүмкүн.

 

Талап кылынган квалификациялар:

·      ЖМКлар же өнүгүү долбоорлору (медиа тармаагындагы долбоорлорго артыкчылык берилет) менен иш алып барууда 5 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;

·      Тийиштүү жогорку билими;

·      Кыргызстандын жана Тажикстандын ЖМКларындагы абалды, анын ичинде конфликтке сезимтал журналистиканы, дезинформация жана кастыкты козутуу жаатын жакшы билүү;

·      Талдоо жүргүзүү жана оюн түшүнүктүү жаза билүү шыгы;

·      Адам менен мамиле курганды жана түшүндүргөндү жакшы билиши;

·      Чыгымдар жана бюджет боюнча отчетторду түзүү тажрыйбасынын болушу;

·      Коопсуз байланыш аспаптарын үйрөнүүгө жана колдонууга даярдыгы;

·      Иштин майда-баратына чейин көңүл бурган уюштуруу шыгынын болушу;

·      Орус, англис жана жергиликтүү тилдерди (тажик же кыргыз) мыкты билиши;

·       

 

Эки жумуш орунуна талапкерлер 2024-жылдын 31-майына чейин

KG-Jobs@INTERNEWS.ORG дарегине резюмесин, кызыгуу катын жана эки сунуштама катты тиркеп билдирме жибериши зарыл. 

Каттын темасында тапшырып жаткан вакансияны көрсөтүңүз.


Талаптарга көбүрөөк туура келген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.


 

Маанилүү! Эки вакансия тең иш жүзүнө ашыруу пландаштырылган долбоордун алкагында жарыяланды, анын ишке ашырыла тургандыгы донордун чечимине байланыштуу. Жумушка алуу каржылоого көз каранды, аймактык менежердин ордуна киши алуу үчүн донордун макулдугу керек.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

Медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоорго катышууга билдирме бергиле

9 возможностей с дедлайном в апреле — для журналистов всего мира