Борборазиялык жаңы CARAVAN долбоорунун бет ачаары


 

Internews «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» деген аталыштагы аймактык жаңы долбоор Борбор Азияда ишке ашырыла баштаганын билдирет. 

Долбоорду Европа Биримдиги каржылайт. 

Расмий түрдө башталышынын бет ачаары 14-июнда Астана убактысы боюнча саат 10:00дө, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө өтөт, (Астанада офлайн, Zoom’да онлайн).


Долбоор тууралуу


CARAVAN долбоору жергиликтүү жана аймактык медиалар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, билим берүүчү уюмдар жана мамлекеттик органдар менен маалыматтык көз жазгырууга, дезмаалыматка жана кастык тилге туруктуу болгон маалыматтык чөйрөнү түзүү үчүн кызматташат.


Долбоор аймакта медиасабаттуулукту жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүп келген өнөктөштөрдүн ортосунда узак мөөнөттүү жана ишенимдүү мамилелерди түзүүнү көздөйт. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн тургундарына аймакта, дүйнөдө эмне болуп жатканын жакшыраак билүүгө, өзүнүн көз карашын калыптандырууга жана маанилүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет.


Internews’тун командасы бардык потенциалдуу өнөктөштөрдү – ЖМКнын, жарандык коомдун жана медиа уюмдардын өкүлдөрүн – бул маанилүү иш-чарага катышууга чакырат!


Бет ачаарга кантип катышса болот:


Алгач 2024-жылдын 10-июну саат 18:00гө чейин каттоодон өтүү керек. Каттоодон өткөнүңүздө сиздин электрондук почтаңызга ZOOM’га кошулуш үчүн шилтеме келет.


Иш-чаранын программасы:


●      10:00 – 10:15 Ачылышы. Куттуктоо сөздөрү: Кестутис Янкаускас мырза, Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси; Марат Бигалиев, Internews’тун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси

●      10:15 – 10:30 CARAVAN долбоорунун бет ачаары: Вадим Садоншоев, CARAVAN долбоорунун директору

●      10:30 – 10:50 CARAVAN долбоорундагы мүмкүнчүлүктөр: Гүлмира Рымбаева, CARAVAN долбоорунун мониторинг, баалоо жана отчет боюнча башкы адиси

●      10:50 – 11:20 Суроо-жооптор

 

Иш-чаранын тили: орус тили, англис тили (синхрондук котормо)


Башка өлкөлөрдөгү кесиптештер үчүн: Астана убактысы боюнча 10:00дөн 11:30га чейин түз эле ZOOMга кошулса болот.


Бет ачаар Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» / Cultivating Audience Resilience through Amplification of Vibrant and Authentic Narratives (CARAVAN) долбоорунун алкагында өтөт.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

#BloggerBol 2024: блогерлер менен инфлюенсерлер үчүн жылда өтүүчү лаборатория жана контенттик колдоо

Конкурс межстрановых команд на получение гранта для производства контента

Интерньюс в Кыргызстане объявляет о запуске пилотной контентной программы “Новое телевидение”