Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маалыматка жетүү боюнча

 



Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси – журналистиканы, бийлик процесстеринин ачыктыгын жана бийликтин коом алдындагы жоопкерчилигин өнүктүрүүнүн негизги маселелеринин бири болуп саналат. 


Борбордук Азия өлкөлөрү мыйзамдардын сапатынан тартып, маалыматты алуу жана жайылтуу укугун практикалык ишке ашырууга чейин маалыматка жетүү жаатындагы реформалардын ар кандай баскычтарында турат.

Жарандардын жана журналисттердин өздөрүнө керектүү маалыматтарды алууга жана жайылтууга мүмкүнчүлүктөрү барбы?


CARAVAN долбоорунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан) журналисттер менен блогерлердин маалыматка жетүү көйгөйлөрүнө арналган онлайн талкууга катышууга чакырабыз.


Спикерлер жана катышуучулар төмөнкү темалар боюнча талкуу жүргүзүшөт:

  • Маалыматка жетүү укугун ишке ашыруунун мыйзамдык аспектилери жана механизмдери;
  • Мамлекеттик жана коммерциялык структуралардан маалымат алуудагы практикалык тоскоолдуктар;
  • Журналисттердин маалыматка жетүү укуктарын коргоонун соттук жана сотко чейинки инструменттери;
  • Санариптик технологиялардын жана ачык маалыматтардын мамлекеттик башкаруунун ачыктыгына тийгизген таасири.
  • Бул маалыматка жетүүгө кандай таасир этет?


Талкууга аймактагы өлкөлөрдөн журналисттер, медиа эксперттер, юристтер жана профилдик уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Талкууга кошулгула!


Өтө турган датасы жана жери: 2025-жылдын 21-августу, Бишкек убактысы боюнча 17:00

Өтө турган жери: Zoom

Алдын ала катталуу: төмөнкү шилтеме боюнча



CARAVAN долбоорун Европа Биримдиги каржылап, Internews ишке ашырып келет.


Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Грантовый конкурс среди производителей контента 

Гранты для межстрановых команд от CARAVAN: конкурс продлен до 30 июня

Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак