Innovation Camp'ке катышуучуларды жана тренерлерди кабыл алуу башталды!



Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Казакстандагы Internews Борбор Азиянын көз карандысыз журналисттерин, блогерлерин жана контент жаратуучуларын инновациялык билим берүүчү лагерге чакырат! 


Даталары: 2025-жылдын 29-октябрынан 31-октябрына чейин (лагерге 28-октябрда келишет)


Өтө турган жери: Алма-Ата, Казакстан



Биз кимди күтөбүз?


Катышуучуларды – Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан санариптик көндүмдөрүн жана медиа технологиялар боюнча билимдерин жакшыртууну көздөгөн, жасалма интеллектти (ЖИ) контент жаратууда  натыйжалуу колдонгонду үйрөнгүсү келген, фактчекинг аспаптарына кызыккан, аймактагы кесиптик байланыштарын кеңейүүнү каалаган жана жаңы форматтарды жана техникаларды колдонуп көргүсү келген көз карандысыз журналисттерди, блогерлерди жана контент жаратуучуларды.


Тренерлерди – медиада иштеген жана интерактивдүү тренингдерди өткөрүү тажрыйбасы бар адистерди.




Биз төмөнкү адамдарды катышууга чакырабыз:


  • Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан көз карандысыз журналисттерди, блогерлерди жана контент жаратуучуларды;
  • Жаш адистердин жана кесипке жаңыдан кирип бараткандардын катышуусу колдоого алынат;
  • Журналистикада, блогингде же мультимедиалык контентти жаратууда бир жылдан кем эмес тажрыйбасы барларды;
  • Макалалары, видеолору, подкасттары, коомдук тармактардагы жана башка форматтардагы постторунан турган портфолиясы барларды;
  • Медиа уюмдарда иштегендерди же коомдук тармактарда өз профилдерин алып баруу боюнча тажрыйбасы барларды; 
  • Өсүп-өнүгүүнү, жаңы технологияларды өздөштүрүү менен аларды контентти жаратууда жана жылдырууда колдонууну каалагандарды;
  • Баштапкы санариптик көндүмдөрү жана коомдук платформаларда иш алып баруу менен тааныштыгы барларды;
  • Тренингге активдүү катышууга мүмкүнчүлүк түзгөн деңгээлде орус тилин билгендерди.



Эмнелер болот?


Аймактын башка өлкөлөрүнөн келген кесиптештер менен баарлашуу, тажрыйба алмашуу, онлайн-медиа үчүн идеялардын үстүндө чогуу иштешүү, практикалык сессиялар, мастер-класстар жана төмөнкү темалар боюнча топтордо иш алып баруу: 

  • Коомдук тармактардын алгоритмдери жана аудиторияны тартуунун стратегиялары;
  • Медиалар үчүн ЖИ технологиялар жана аларды Борбор Азиядагы медиарыноктун шарттарында контентти натыйжалуу жаратуу үчүн ошондой эле кесиптик этика жана автордук укук маселелери контекстинде колдонуу;
  • Сторителлингдин заманбап форматтары жана жанрлары: кыска видеодон тартып мультимедиалык долбоорлорго чейин;
  • Медиасабаттуулук жана фактчекинг.


Катышуунун шарттары


  • Катышуу акысыз;
  • Жол, жайгашуу, тамактануу жана материалдардын чыгымдарын уюштуруучулар өзүлөрү жабат;
  • Иш тили – орус тили;
  • Катышуучулар сынакты негизинде тандалып алынат.

  • Өтүнмөлөрдү жиберүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 12-сентябры
  • Катыша тургандыгы тууралуу билдирүү 2025-жылдын 22-сентябрына чейин жөнөтүлөт.


Катышкыңыз келеби?


Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп өтүнмөнүн формасын толтуруңуз.



Тренер болгуңуз келеби?


Төмөнкү шилтеме боюнча өтүнмөнүн формасын толтуруңуз.




Суроолор барбы?

 Почта дарегиме 


каттын темасын: Innovation Camp. Участник (же Тренер) деп белгилеп 

кат жазыңыздар.


INNOVATION CAMP — БУЛ ИДЕЯЛАРДЫН, ЭКСПЕРИМЕНТТЕРДИН ЖАНА ӨСҮҮНҮН МЕЙКИНДИГИ.

КОШУЛУҢУЗДАР!


Эскертүү: сессиялардын темалары бир аз өзгөртүлүшү мүмкүн.

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

Грантовый конкурс среди производителей контента 

Гранты для межстрановых команд от CARAVAN: конкурс продлен до 30 июня

Открыт набор участников и тренеров на Innovation Camp!